Difference between revisions of "АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР,''' а п о с т о л и к т е р – 13-кылымдын экинчи жарымы – 14-кылымдын башында Түндүк  Италияда уюшулган дыйкан – плевейлердин христиандык сектасы. Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме шаарында 1260-жылы негизделген. Анын жактоочулары жер ээлөөчүлөрдүн кысымына жана католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш тартууга жана теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-жылы Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабы­нан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-жылы Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-жылы Италиянын бир катар шаарларында дыйкандар жана плебейлердин антифеодалдык көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-жылы басылып, башчысы өлтүрүлгөн. Апостолдук бир туугандар Италия, Фран­ция, Испания жана Германияда өз идеяларын 15-кылымга чейин үгүттөөнү улантышкан.
''                                                                                Б. Солтонбеков.''

[[Категория:1-Том]]

10:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР, а п о с т о л и к т е р – 13-кылымдын экинчи жарымы – 14-кылымдын башында Түндүк Италияда уюшулган дыйкан – плевейлердин христиандык сектасы. Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме шаарында 1260-жылы негизделген. Анын жактоочулары жер ээлөөчүлөрдүн кысымына жана католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш тартууга жана теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-жылы Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабы­нан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-жылы Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-жылы Италиянын бир катар шаарларында дыйкандар жана плебейлердин антифеодалдык көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-жылы басылып, башчысы өлтүрүлгөн. Апостолдук бир туугандар Италия, Фран­ция, Испания жана Германияда өз идеяларын 15-кылымга чейин үгүттөөнү улантышкан.
Б. Солтонбеков.