Difference between revisions of "АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
8 -сап: 8 -сап:


''С. Айткулова.''<br>
''С. Айткулова.''<br>
[[Категория:1-Том]]

09:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА – Вест-Индиядагы мамлекет. Кариб деңизинин чыгыш бөлүгүндө, Кичи Антил аралдары архипелагында, Айдарым аралдар тобунда жайгашкан. Антигуа, Барбуда, Редонда аралдарын жана Антигуа аралына жакын бир нече майда аралдарды камтыйт. Аянты 443 км2 (анын ичинде Антигуа 281 км2, Барбуда 161 км2). Калкы 85,6 миң (2009). Борбору – Сент-Жонс шаары. (Антигуа аралында). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Администрациялык-аймактык жактан 6 приходко (администрациялык-аймактык бирдик) жана 2 опекалык аймакка (Барбуда, Редонда) бөлүнөт.
Антигуа жана Барбуда – унитардык мамлекет. Шериктештикке кирет. Конституциясы 31. 7. 1981-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекеттик башчысы – британ монархы; Антигуа жана

АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА 105.png
АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА 106.png

Барбуданын премьер-министринин сунушу менен дайындалган анын өкүлү генерал губернатор башкарат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – эки палаталуу парламент (анын 17 мүчөсүнүн 16сы Антигуадан, бирөө Барбудадан). Өлкө БУУнун (1981-жылдан), Америка мамлекеттери уюмунун (1981) мүчөсү.
Антигуа аралынын жеринин бети дөңсөөлүү, түштүк-батышы көтөрүңкү келип, бийиктиги 402 мге чейин (Богги чокусу, өлкөнүн эң бийик жери). Жээк тилкелери өтө тилмеленген. Терең бухталуу гавандары бар. Барбуданын жеринин бети тегиз келген коралл аралы, терең лагуна, кумдуу пляждары бар, коралл рифтери менен курчалган. Редонда – аскалуу арал. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык орточо температурасы 27°С (июлдуку 30°Сге чейин). Жаан-чачыны 1150 мм. Июль-октябрь айларында катуу шамал (ураган) болот. Агын суулары жок болгондуктан тузсуз суу таңкыс. Аймагында Нельсонс-Докярд улуттук паркы бар, Дайамонд-Риф деңиз паркында коралл рифтеринин экосистемасы сакталган.
Калкынын көпчүлүгү вест-индиялык негрлер (антигуалыктар; 82%), ошондой эле мулаттар (3%), АКШлык америкалыктар (12%). Христиан динин туткандар 96% (анын ичинде англикандар 42%, католиктер 12%).
Байыртадан индейлер [Антигуа аралында аравактар (биздин замандын башталышында) жана карибдер (2-миң жылдыктын 1-жарымында)] отурукташкан. Антигуа аралын X. Колумб (1493-жылы) 2-экспедициясында ачкан. Ичүүгө суунун жоктугунан жана согушчан индейлердин каршылыгынан испандар аралды таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1667-жылы Антигуа жана Барбуда Англияга өткөн. 1632–1967-жылдары Британиянын ээлиги; 1981-жылдын 1-ноябрынан көз карандысыз өлкө.
Э к о н о м и к а с ы н ы н негизин чет элдик туризм (ички дүң продукциясынын 40%тен ашыгы) жана офшор финансы тейлөөсү түзөт. Ички дүң продукциясы 1,55 млрд долларды (АКШ) түзүп, киши башына бөлүштүргөндө 18,1 миң доллардан туура келет (2009). Ички дүң продукциясындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 77%, өнөр

АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА карта

жайыныкы 19%, айыл чарбаныкы 4%. 2000-жылы 237 миң турист келип, киреше 290 млн долларды түзгөн. Туризмдин негизги түрү – пляжда эс алуу, дайвинг (Кейде рифинде, анын ичинде чөккөн кемелерди көрүү), виндсёрфинг (Антигуа аралынын батыш жээги). Өнөр жайынын негизги тармагы – тамак-аш (ром, шарап өндүрүшү, кант, патокамеласса, кокос жана пахта майы) өнөр жайы. Электр-техникалык, электроника, оптикалык линза,цемент, эмерек, трикотаж (негизинен Антигуа аралында) чакан өнөр жайлары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (карала жасоо, кездеме токуу, кийим тигүү) өнүккөн. 2007-ж. 110 млн кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 18%и иштетилет, 9%ин жайыт, 11% ин токой ээлейт. Бал камыш, пахта, тропик жемиштери (анын ичинде манго, банан), жашылча өстүрүлөт. Ичүүчү сууну деңиз суусун тузсуздандырып алат. Бодо мал асыралат. Балык жана омар кармалат. Автомобиль жолунун узундугу 250 км. Сент-Жонс шаары – башкы деңиз порту, эл аралык аэропорту бар. Сыртка кийим-кечек, электрондук компоненттерди чыгарып, сырттан азык-түлүк, машина жана анын жабдууларын, химикаттарды алат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Германия, АКШ.

Антигуа жана Барбуданын кооз пляждарынын бири.
Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары.

Антигуа жана Барбуданын аймагында британикалык согуш курулуштары, Беркли (1740), Жеймс жана Гоут-Хилл форттору, Арсенал имараты (1743) ж. б. сакталган. Англикан стилинде Сент-Жонс собору (1681), классицизм стилиндеги чиркөө (1840; Парем), Антигуа (1982) жана Вест-Индия (1949) университеттери, китепканалар, Сент-Жонстогу музей (1985-ж. негизделген) бар.

С. Айткулова.