Difference between revisions of "АНТИФЕРРОМАГНЕТИЗМ"
м (Adina moved page АНТИФЕРРОМАГНЕТЙЗМ to АНТИФЕРРОМАГНЕТИЗМ) |
|
(Айырма жок)
|
13:54, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АНТФЕРРОМАГНЕТИЗМ – кристаллдык заттын магниттик ирээттүүлүккө ээ абалы. Мындай абалда заттын бардык атомунун же коңшу атом тобунун магниттик моменттеринин багыттары кристаллдын элементардык ячейкасынын жыйынтыктоочу магниттик моменти нөлгө барабар болгондой багытталат. Антиферромагниттик иретке ээ болгон заттар антиферромагнетик (АФМ) деп аталат. Алмашылма өз ара аракеттешүү антиферромагнетизмге алып келе тургандыгын биринчилерден болуп Л. Неель (1932), о. эле Л. Д. Ландау (1933) да айткан жана парамагниттик фазадан антиферромагниттик фазага өтүү кубулушун изилдеген. Антиферромагнетизм Неель чекити деп аталган температурада байкалат. Антиферромагнетизмдин пайда болушуна өз ара алмашылма аракеттешүү себепкер. Мындай аракеттешүү спиндердин антипараллель спиндердин пайда болушуна алып келет. Антиферромагнетизмдик изилдөөлөр азыркы магнит кубулушунун физикасы жөнүндөгү көз караштын өнүгүшүнө зор салым киргизди. Жаңы ферромагнетиктер, геликоиддик структура ж. б. ачылды; жаңы кубулуштар: пьезо-магнетизм, магнит-электр эффектиси байкалды; магнетиктерде өз ара аракеттешүүнүн типтери ж. б. кеңейди.