Difference between revisions of "АНГАРА-ПИТ ТЕМИР КЕНТАШТУУ БАССЕЙНИ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНГАРА-ПИТ ТЕМИР КЕНТАШТУУ БАССЕЙНИ –''' Россиядагы темир кендери жайгашкан ири аймак. Краснояр крайындагы Ангара жана Чоң Пит дарыяларынын аралыгында. Аянты 135 миң ''км.'' Темирдин эсептелген запасы 855 ''т''дан ашат. Кенташтагы (рудадагы) темирдин орточо өлчөмү 39,4–40,4%. Мында 1946–49- | '''АНГАРА-ПИТ ТЕМИР КЕНТАШТУУ БАССЕЙНИ –''' Россиядагы темир кендери жайгашкан ири аймак. Краснояр крайындагы Ангара жана Чоң Пит дарыяларынын аралыгында. Аянты 135 миң ''км.'' Темирдин эсептелген запасы 855 ''т''дан ашат. Кенташтагы (рудадагы) темирдин орточо өлчөмү 39,4–40,4%. Мында 1946–49-жылдары 3 кен ачылган, бирок алар азырынча казылып алына элек. Алар бир аз метаморфизмделген чөкмө кендердин тибине кирет. Калыңдыгы 80–100 ''м,'' узундугу 15 ''кмге'' жеткен кенташтуу горизонт протерозой мезгилинин терриген тоо тек катмарларынын арасында жатат. Темирлүү кабаттар тик (45–65°) жайгашып, 600 ''м'' тереңдикке чейин жетет. Кенташ негизинен гидрогематит, гематит, сидерит жана гетит минералдарынан түзүлүп, алардын өлчөмүнө жараша гематиттүү, хлорит-гематиттүү жана сидерит-гематиттүү болуп бир нече типке бөлүнөт.

13:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АНГАРА-ПИТ ТЕМИР КЕНТАШТУУ БАССЕЙНИ – Россиядагы темир кендери жайгашкан ири аймак. Краснояр крайындагы Ангара жана Чоң Пит дарыяларынын аралыгында. Аянты 135 миң км. Темирдин эсептелген запасы 855 тдан ашат. Кенташтагы (рудадагы) темирдин орточо өлчөмү 39,4–40,4%. Мында 1946–49-жылдары 3 кен ачылган, бирок алар азырынча казылып алына элек. Алар бир аз метаморфизмделген чөкмө кендердин тибине кирет. Калыңдыгы 80–100 м, узундугу 15 кмге жеткен кенташтуу горизонт протерозой мезгилинин терриген тоо тек катмарларынын арасында жатат. Темирлүү кабаттар тик (45–65°) жайгашып, 600 м тереңдикке чейин жетет. Кенташ негизинен гидрогематит, гематит, сидерит жана гетит минералдарынан түзүлүп, алардын өлчөмүнө жараша гематиттүү, хлорит-гематиттүү жана сидерит-гематиттүү болуп бир нече типке бөлүнөт.