Difference between revisions of "АВАРЛЫКТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:
[[File:АВАРЛЫКТАР70.png | thumb|Аварлыктар жашаган Камелух кыштагы.]]
[[File:АВАРЛЫКТАР70.png | thumb|Аварлыктар жашаган Камелух кыштагы.]]
Эркектер туника сыяктуу көйнөк, бешмант, черкеска, папах, башлых, тон, бурка, кайыш кур, кийиз же булгаарыдан бут кийим; аялдар жеңдүү узун көйнөк, ыштан, башына чокто (аялдардын кеп такыяга окшогон баш кийими), саймаланган, күмүш <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> кооздолгон кийимдерди кийишкен. Негизинен сүт, эт азыктарын <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> камырдан жасалган тамак, ошондой  эле түрдүү татымалдарды пайдаланышат.

[[Категория:1-Том]]

08:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВАРЛЫКТАР (өздөрүн маарулал дешет) – Дагестандын жергиликтүү калкы. Жалпы саны 1 млн киши, анын 850 миңи Дагестанда (2010). Аварлыктар Чыгыш Грузия, Түндүк Азербайжан, Россиянын Түндүк Кавказ аймагы жана Түркияда жашашат. Авар тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит.

АВАРЛЫКТАР69.png

Аварлыктардын азыркы аймагында б. з. ч. 1-миң жылдыктын экинчи жарымында жашаган лег, гел, каспи, ути ж. б. уруулар авар элинин этностук негизин түзгөн. 20-кылымдын башында батыш Дагестандагы тили, маданияты, үрп-адаты тектеш андоцез жана арчын элдери кошулган. 1959-жылдагы эл каттоодо өздөрүн аварлыктар деп аташкан. Алар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, багбанчылык менен кесиптенишип, тоонун түбүнө таш менен тирештире салынган кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Көбүнчө бир үйдүн чатырын экинчиси короо катары пайдаланган, ар бир кабатында өзүнчө эшиктери бар, мунаралуу үй-сепилдер болгон.

Аварлыктар жашаган Камелух кыштагы.

Эркектер туника сыяктуу көйнөк, бешмант, черкеска, папах, башлых, тон, бурка, кайыш кур, кийиз же булгаарыдан бут кийим; аялдар жеңдүү узун көйнөк, ыштан, башына чокто (аялдардын кеп такыяга окшогон баш кийими), саймаланган, күмүш менен кооздолгон кийимдерди кийишкен. Негизинен сүт, эт азыктарын жана камырдан жасалган тамак, ошондой эле түрдүү татымалдарды пайдаланышат.