Difference between revisions of "АТ ЖАБУУ"
Jump to navigation
Jump to search
556-684>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
‒ көчкөндө, чоӊ аш-тойлордо минилүүчү аттын ээринин алдына тердиктин | ‒ көчкөндө, чоӊ аш-тойлордо минилүүчү аттын ээринин алдына тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу асем буюм. Ал жасалышы ж-а пайдаланышы б-ча бир нече түргө айырмаланат: 1) ''абайы'' ‒ жибектен тигилип, кыргактары саймаланып, четтерине чачы тагылып, баркыт же манат м-н көбөөлөнүп, ичтелип жасалып, кыз-келиндер дин минген атына жабылат; 2) ''дикек'' ‒ өрмөкчүлүктө «терме», «беш кеште», «кажары» ыкмасы м-н согулган таардын ич жагына кийиз тигилсе, кээ бир аймактарда саймаланган «шырдак» тердик жабылат; 3) кыз куумай, эӊиш, байге ж. б. оюндарга минилчү күлүк атка, жоргого атайын ''үртүк ‒'' «оромо жабуу» даярдалып, байгеге салынып, күйүккөн атты суутканда, ага суук тийбесин үчүн колдонулган. Ал жогоруда аталган таарлардын түрлөрүнөн же кымбат баалуу кездемеден кооздолуп, ичи жука кийиз м-н ичтелип, четтерине оюм түшүрүлөт. Анын кулакчыны, көзүлдүрүгү, куйруктугу, ат буттугу болот да, аттын мойнун, көкүрөгүн ороп, капталы ж-а соорусун жаап турат. Учурда асемделип жасалган А. ж. салттуу майрамдарда пайдаланылат.<br> | ||
''Ө. Осмонов.''<br> |
21:44, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ көчкөндө, чоӊ аш-тойлордо минилүүчү аттын ээринин алдына тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу асем буюм. Ал жасалышы ж-а пайдаланышы б-ча бир нече түргө айырмаланат: 1) абайы ‒ жибектен тигилип, кыргактары саймаланып, четтерине чачы тагылып, баркыт же манат м-н көбөөлөнүп, ичтелип жасалып, кыз-келиндер дин минген атына жабылат; 2) дикек ‒ өрмөкчүлүктө «терме», «беш кеште», «кажары» ыкмасы м-н согулган таардын ич жагына кийиз тигилсе, кээ бир аймактарда саймаланган «шырдак» тердик жабылат; 3) кыз куумай, эӊиш, байге ж. б. оюндарга минилчү күлүк атка, жоргого атайын үртүк ‒ «оромо жабуу» даярдалып, байгеге салынып, күйүккөн атты суутканда, ага суук тийбесин үчүн колдонулган. Ал жогоруда аталган таарлардын түрлөрүнөн же кымбат баалуу кездемеден кооздолуп, ичи жука кийиз м-н ичтелип, четтерине оюм түшүрүлөт. Анын кулакчыны, көзүлдүрүгү, куйруктугу, ат буттугу болот да, аттын мойнун, көкүрөгүн ороп, капталы ж-а соорусун жаап турат. Учурда асемделип жасалган А. ж. салттуу майрамдарда пайдаланылат.
Ө. Осмонов.