Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ТЕОРИЯЛЫК АСТРОНОМИЯ ИНСТИТУТУ"
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Санкт-Петербургдагы адистештирилген илимий мекеме. КМШдагы жалгыз институт. Ал асман механикасынын теориялык ж-а колдонмо маселелери б-ча түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Ин-т ил. иштерин Бүткүл россиялык астрон. союзга караштуу Эсептөө ин-ту катары 1919-ж. 7-окт. баштаган. Т. а. и. катары 1943-ж. окт. өзүнчө бөлүнгөн.
Ин-тун маанилүү маселелеринин бири – астрон. байкоолорду ж-а геод. жумуштарды аткаруу, о. эле деңиз ж-а аба навигациясы, азыркы мезгилде космос кемелеринин навигациясы үчүн эфемеридди эсептөө. Чоң ж-а кичине планеталардын, планеталардын жандоочуларынын, Айдын, Күндүн эфемериддери, тутулуу ж.б. астрон. кубулуштар ж-дөгү белгилүү болгон чоңдуктар институттан чыгуучу астрон. бир жылдыктын негизги мазмунун түзөт. Жердин жасалма жандоочуларынын теориялык проблемаларын изилдейт.
1948-ж-дан ин-т кичине планеталардын кыймылын изилдөө б-ча эл аралык борборго айланат. Ал жыл сайын «Кичине планеталардын эфемериддерин чыгарып турат.