Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ПАРНИК ЭФФЕКТИСИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:23, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

(greenhouse effect) – инфракызыл нурланууну жутуунун натыйжасында Жердин ж.б. планеталардын атм-расынын ысышы; ал Күндүн нурунун негизги бөлүгүн (оптикалык диапазонун) Жер бетине көбүрөөк өткөргөндүктөн ж-а инфракызыл жылуулук нурланууну атм-ра көп жуткандыктан пайда болот. Көмүртек кош окиси ж-а озон парник газы деп аталышат, анткени алар мындай нурлануу үчүн тунук эмес ж-а аны жутуп алышат. Ашкере нурланган энергиянын жарымы Жерге чагылат, бул болсо темп-ранын андан аркы жогорулашына алып келет. Жер эволюциясынын ташкөмүр доорунда көмүртектин диоксидинин концентрациясынын кыйла төмөндөшү П. э-н азайткан ж-а пермск муз дооруна алып келген. Көмүртектин диоксидинин көп санда болушу планетанын бетинин темп-расынын жогорулоосуна, демек уюлдардагы муздун эришине ж-а Дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Ошентип П. э. Жер атм-расынын курамын өзгөртөт, экологиялык кадимки абалынын бузулушуна алып келет.