Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:МЕРКУРИЙ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:21, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(Mercury) – күн системасындагы Күнгө эң жакын планета. Диаметри 4878 км, массасы 3,3х1023 кгга барабар. Күндөн өтө чоң аралыгы 70 млн. км, өтө кичине аралыгы 46 млн. км, орбита тегиздигинин эклиптикага жантайышы 7°, көзгө көрүнгөн альбедосу 0,09. Жерден өтө алысташы 217 млн. км, өтө жакындашы 82 млн. км. Орточо темп-расы 700 Кге, афелийде 550 Кге барабар. Фаза бурчу 0дөн 180°ка өзгөрөт. 1965-ж. радиолокациялык байкоо аркылуу М-дин өз огунун айланасында түз багыт б-ча айланары белгилүү болгон. Айлануу мезгили 58,65 сутга барабар. М-дин өз огунда айлануусунун бурчтук ылдамдыгы орбиталык ылдамдыктын 3/2үн түзөт. Планета перигелийде болгон анын орбитадагы кыймылынын бурчтук ылдамдыгына дал келет.