Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЛАЗЕРДИК ЖАНДООЧ АЛЫСТЫГЫН ӨЛЧӨГҮЧ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:21, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Жердин жасалма жандоочусуна чейинки аралыкты өлчөөчү астрон. аспап. Аспаптын иштеши убакыттын интервалын өлчөөгө негизделген. Байкоо учурунда жандоочу тез кыймылдайт. Ар бир өлчөө учурунда аралыкты ж-а убакыт моментин так каттоо керек. Ал так кварц сааты м-н өлчөнөт. Квант генераторунан жандооч тарапка жарыктын ичке, эң кыска шооласы багытталат. Жандоочко жеткен нур кайра чагылып аспапка келет. Аспапта убакыттын интервалын эсептегич коюлган. Жарык ылдамдыгы белгилүү болгондуктан, Жерден жандоочуга чейинки аралыкты табуу оңой. Ушул эле ыкма м-н Айга, башка планеталарга чейинки аралыкты да аныктоого болот.