Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:КОМЕТАНЫН ЯДРОСУ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:20, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(nucleus) – муздуу таш, газ ж-а чаң бөлүкчөлөрүнүн кошулмаларынан турган кометанын жылдыз сыяктуу жаркырак бөлүгү. Ядронун диаметри 0,5 – 20 км, массасы 1011 – 1019кг, аны түзгөн газдар катары аммиак, метан, көмүркычкыл газы, циан, азот ж. б. кездешет. К. я-нун спектри Күндүн спектри м-н бирдей. АНчалык чоң эмес гелиоборбордук аралыкта К. я-нун спектринде металлдардын эмиссиялык сызыктары, көпчүлүк учурда натрийдин сызыктары пайда болот.