Difference between revisions of "АСТРАХАНЬ ХАНДЫГЫ"
Jump to navigation
Jump to search
556-684>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
‒ ''Алтын Ордонун'' бытырашынын натыйжасында түзүлгөн татарлардын мусулман мамлекети. Борбору ‒ Ажытархан (Астрахань). Эмир Ажы-Черкестин 14-к-дын 2-жарымында түзүлгөн ээлигинин аймагында калыптанган. Айрым тарыхчылар өз алдынча А. х-нын келип чыгышын 1459‒60-жылдарга (Ахмед хан м-н мамилесин үзгөн Махмуд хандын такка отурушу м-н) туура келет деп эсептесе, кээ бирлери 1502-жылдан (Чоӊ Ордонун Крым ханы Менгли-Гирей тарабынан кыйратылышынан соӊ) башталат деп карашат. Чыгыш жагы Ногой ордосу м-н чектешип, түш. жагы ‒ Терек, батыш жагы ‒ Кубань, Дон д-ларына, түн. жагы Сарай ш-на чейин созулган. Түрк тилинде сүйлөгөн А. х-нын калкынын (алчиндер, коӊураттар, маӊгыттар) негизги кесиби: көчмөн мал чарбачылык, аӊчылык, балыкчылык, туз өндүрүү ж-а дыйканчылык болгон. А. х. Чыгыш өлкөлөрү м-н соода жүргүзүүнүн борбору болгон. Аны алтынордолук хан Тимур-Кутлугдун тукумдарынын династиясы башкарган. Хандан кийин эле мамлекеттеги экинчи киши болуп, калга (мураскер) саналган. Ак сөөктөр султандар, огландар, бектер, мырзалардан турган. Тышкы саясатта А. х. адегенде Чоӊ Ордого, андан кийин Ногой Ордосуна ж-а ''Крым хандыгына'' дайыма көз каранды болгон. Андан кутулуу максатында А. х. орус мамлекети м-н жакындашып, 1533-ж. союздук келишим түзөт. Каспий деӊизине чыгууга, крымдыктар м-н түрктөрдүн кол салууларынан | ‒ ''Алтын Ордонун'' бытырашынын натыйжасында түзүлгөн татарлардын мусулман мамлекети. Борбору ‒ Ажытархан (Астрахань). Эмир Ажы-Черкестин 14-к-дын 2-жарымында түзүлгөн ээлигинин аймагында калыптанган. Айрым тарыхчылар өз алдынча А. х-нын келип чыгышын 1459‒60-жылдарга (Ахмед хан м-н мамилесин үзгөн Махмуд хандын такка отурушу м-н) туура келет деп эсептесе, кээ бирлери 1502-жылдан (Чоӊ Ордонун Крым ханы Менгли-Гирей тарабынан кыйратылышынан соӊ) башталат деп карашат. Чыгыш жагы Ногой ордосу м-н чектешип, түш. жагы ‒ Терек, батыш жагы ‒ Кубань, Дон д-ларына, түн. жагы Сарай ш-на чейин созулган. Түрк тилинде сүйлөгөн А. х-нын калкынын (алчиндер, коӊураттар, маӊгыттар) негизги кесиби: көчмөн мал чарбачылык, аӊчылык, балыкчылык, туз өндүрүү ж-а дыйканчылык болгон. А. х. Чыгыш өлкөлөрү м-н соода жүргүзүүнүн борбору болгон. Аны алтынордолук хан Тимур-Кутлугдун тукумдарынын династиясы башкарган. Хандан кийин эле мамлекеттеги экинчи киши болуп, калга (мураскер) саналган. Ак сөөктөр султандар, огландар, бектер, мырзалардан турган. Тышкы саясатта А. х. адегенде Чоӊ Ордого, андан кийин Ногой Ордосуна ж-а ''Крым хандыгына'' дайыма көз каранды болгон. Андан кутулуу максатында А. х. орус мамлекети м-н жакындашып, 1533-ж. союздук келишим түзөт. Каспий деӊизине чыгууга, крымдыктар м-н түрктөрдүн кол салууларынан коргонууга кызыккан орус мамлекети 1554-ж. А. х-на жортуул жасап, Крым хандыгы тарабынан коюлган Жамгырчы (Ямгурча) ханды кулатып, анын ордуна узак мезгил бою Москвада жашап, падышанын колдоосуна ээ болуп келген Исмаил Дервиш-Алини падыша ''Иван IV Васильевич'' (Грозный) өзүнүн вассалы катарын да коёт. Анын жанында такай орус кеӊешчиси отурган. Бирок, Дервиш-Али Крым хандыгы м-н союздаш болууга аракеттенип, ханзаданы чакырат. Астрахан-Крым коалициясынын түзүлүшүнөн чочулаган орус өкмөтү жаӊы жортуул уюштуруп, 1556-ж. А. х. Россияга биротоло кошулат.<br> | ||
коргонууга кызыккан орус мамлекети 1554-ж. А. х-на жортуул жасап, Крым хандыгы тарабынан коюлган Жамгырчы (Ямгурча) ханды кулатып, анын ордуна узак мезгил бою Москвада жашап, падышанын колдоосуна ээ болуп келген Исмаил Дервиш-Алини падыша ''Иван IV Васильевич'' (Грозный) өзүнүн вассалы катарын да коёт. Анын жанында такай орус кеӊешчиси отурган. Бирок, Дервиш-Али Крым хандыгы м-н союздаш болууга аракеттенип, ханзаданы чакырат. Астрахан-Крым коалициясынын түзүлүшүнөн чочулаган орус өкмөтү жаӊы жортуул уюштуруп, 1556-ж. А. х. Россияга биротоло кошулат.<br> | |||
21:05, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ Алтын Ордонун бытырашынын натыйжасында түзүлгөн татарлардын мусулман мамлекети. Борбору ‒ Ажытархан (Астрахань). Эмир Ажы-Черкестин 14-к-дын 2-жарымында түзүлгөн ээлигинин аймагында калыптанган. Айрым тарыхчылар өз алдынча А. х-нын келип чыгышын 1459‒60-жылдарга (Ахмед хан м-н мамилесин үзгөн Махмуд хандын такка отурушу м-н) туура келет деп эсептесе, кээ бирлери 1502-жылдан (Чоӊ Ордонун Крым ханы Менгли-Гирей тарабынан кыйратылышынан соӊ) башталат деп карашат. Чыгыш жагы Ногой ордосу м-н чектешип, түш. жагы ‒ Терек, батыш жагы ‒ Кубань, Дон д-ларына, түн. жагы Сарай ш-на чейин созулган. Түрк тилинде сүйлөгөн А. х-нын калкынын (алчиндер, коӊураттар, маӊгыттар) негизги кесиби: көчмөн мал чарбачылык, аӊчылык, балыкчылык, туз өндүрүү ж-а дыйканчылык болгон. А. х. Чыгыш өлкөлөрү м-н соода жүргүзүүнүн борбору болгон. Аны алтынордолук хан Тимур-Кутлугдун тукумдарынын династиясы башкарган. Хандан кийин эле мамлекеттеги экинчи киши болуп, калга (мураскер) саналган. Ак сөөктөр султандар, огландар, бектер, мырзалардан турган. Тышкы саясатта А. х. адегенде Чоӊ Ордого, андан кийин Ногой Ордосуна ж-а Крым хандыгына дайыма көз каранды болгон. Андан кутулуу максатында А. х. орус мамлекети м-н жакындашып, 1533-ж. союздук келишим түзөт. Каспий деӊизине чыгууга, крымдыктар м-н түрктөрдүн кол салууларынан коргонууга кызыккан орус мамлекети 1554-ж. А. х-на жортуул жасап, Крым хандыгы тарабынан коюлган Жамгырчы (Ямгурча) ханды кулатып, анын ордуна узак мезгил бою Москвада жашап, падышанын колдоосуна ээ болуп келген Исмаил Дервиш-Алини падыша Иван IV Васильевич (Грозный) өзүнүн вассалы катарын да коёт. Анын жанында такай орус кеӊешчиси отурган. Бирок, Дервиш-Али Крым хандыгы м-н союздаш болууга аракеттенип, ханзаданы чакырат. Астрахан-Крым коалициясынын түзүлүшүнөн чочулаган орус өкмөтү жаӊы жортуул уюштуруп, 1556-ж. А. х. Россияга биротоло кошулат.