Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАРДЫН КӨРҮНБӨГӨН ЖАНДООЧУЛАРЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– көп жылдыздар эң кубаттуу телескоптон караганда да бир эле объект болуп көрүнгөнү м-н чынында кош жылдыз болуп чыгат. Бул алардын жаркыроосунан же спектринен байкалат. Кээ бирөөлөрүнүн бир түгөйү абдан кичине ж-а күңүрт болгондуктан аны экинчи түгөйүнүн тартылуусу б-ча гана аныктоого болот. Ушундай начар түгөйлөр Ж. к. ж. деп аталат. Алар изилдөөчүлөр үчүн абдан чоң кызыгууну туудурат, көрүнбөгөн жандоочулар Жерден тышкары цивилизациялар болгон чоң планеталар болушу мүмкүн. Ж. к. ж-н табуу үчүн көп жылдар бою эң так байкоолорду жүргүзүү керек. Азыркы кезде бизге жакын жылдыздардын 20га жакын көрүнбөгөн жандоочулары белгилүү, алардын массасы күн массасынын 0,1ден 0,005 бөлүгүн түзөт.