Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ГРАВИТАЦИЯЛЫК ЭНЕРГИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:10, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– нерселердин гравитациялык өз ара аракеттешүүсү м-н шартталган потенциалдык энергия. «Г. э.» термини астрофизикада кеңири колдонулат. Жылдыздардын ички бөлүгүндө термоядролук реакциянын натыйжасында суутектин көпчүлүгү гелийге айланат. Ядролук энергиянын бөлүнүшү ядронун кабыкчасындагы суутектин «күйүшүнөн» пайда болот. Демек, нурлануу энергиясын толуктоочу термоядролук энергиянын булагынын жоктугу жылдыздардын ядросунун кысылуусуна алып келет да, өзүнүн Г. э-сын бөлүп чыгарат. Кадимки жылдыздардын Г. э-сы өтө чоң. Ошондуктан Г. э-нын бөлүнүп чыгышынан жылдыздардын ички бөлүгүнүн темп-расы жогору, тыгыздыгы чоң болот.