Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АСТЕРОИДДЕР"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
, к и ч и н е п л а- н е т а л а р – диаметри 1–1000 км келген Күндүн тегерегинде эллипс орбитасы б-ча айланган космостук телолор. Өлчөмү 1 кмден кичине өтө майда кичине планеталарды ири телескоптун жардамы м-н сүрөткө тартууга болот. 1801-ж. 1-янв. Пиацци биринчи жолу А-ди ачкан. Өтө чоң астероид – Церера кичине планетасы. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин ачылган кичине планетанын катарына диаметри 608 км болгон Паллада кирет. Орбиталарынын эксцентриситети 0,3төн кичине болгон кичине планеталар 97%ти түзөт. Азыркы убакта 2000ден ашык кичине планеталардын орбиталары так эсептелген.