Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АЙДЫН ЛИБРАЦИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

12:59, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

, А й т е р- м е л ү ү с ү – Айдын массасынын борборуна карата анын маятник сымал мезгилдүү термелиши. Айдын өз огунда ж-а Жерди айланып чыгуу мезгилдеринин бирдейлиги анын көрүнгөн жарым шарын түшүндүрөт. Бирок А. л-нын натыйжасында Жердеги байкоочу Айдын бетинин 60%ке жакынын көрө алат. А. л. Ай орбита б-ча бир калыпта кыймылдабагандыктан, анын формасынын анык шар эместигинен болот. Ай өз огунда бир калыпта айланып, Жерди айлануу кыймылы перигейде тез, апогейде жай болгондуктан Айдын узундук б-ча либрациясы, анын айлануу огунун орбитасынын тегиздигине жантаюусунан кеңдик б-ча либрациясы, байкоочунун Жер м-н кошо айлануусунан параллакстык либрация түшүндүрүлөт. Андан сырткары Айдын суткалык ж-а физ. либрациясы бар. Алар Ай м-н Жердин гравитациялык тартылуусунун бирдей эместигинен келип чыгат.


АЙДЫН ЛИБРАЦИЯСЫ.jpg