Difference between revisions of "АШКАБАКТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


''Б. Кендирбаева.''<br>
''Б. Кендирбаева.''<br>
[[Категория:1-Том]]

10:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АШКАБАКТАР (Cucurbita) ‒ эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Бир же көп жылдык чөп, чанда чала бадал. Сабагы жерге төшөлүп же сойлоп өсөт, айрымдарыныкы түрүн өзгөртүп, мурутчага айланган. Жалбырагы чоӊ, манжадай, гүлү жалгыздан же топ гүл, сары. Мөмөсү ‒ ашкабак. 130 уруусу, 900 түрү белгилүү. Кыргызстанда 15 түрү кезигет , көпчүлүгү эгилме. Тропик жана субтропик райондун нымдуу токойлорунан тартып чөлдөргө чейинки фитоценоздордо кезигет. Африка, Азия жана Америкада А-дын көп жапайы түрлөрү өсөт. Бул тукумга ашкабак , кутурган бадыраӊ, дарбыз, бирония, коон ж. б. кирет. Кутурган бадыраӊ Азов аралында, Жер Ортолук деӊиз аймагында, Кичи Азия, Россиянын түштүгүндө, Кавказда жана Крымда кумдак топурактуу жерлерде кездешет. Ал кадимки бадыраӊга окшош. Бышкан кутурган бадыраӊга акырын бир нерсе тийип кетсе, уругу чачырап, атылып кетет. Көпчүлүк түрүнүн тиричиликте мааниси чоӊ.

Б. Кендирбаева.