Difference between revisions of "АЛЮМИНОТЕРМИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

11:04, 30 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АЛЮМИНОТЕРМИЯ (алюминий жана гр. therme – жылуулук) – металлдарды жана металл эместерди (ошондой эле куймаларды) алардын кычкылтектүү бирикмелеринен алюминий металлынын жардамы менен калыбына келтирип алуу процесси. Анда алюминий майда күкүм түрүндө колдонулат. Алюминотермияда башка металлдарга караганда алюминий кычкылтек менен аракеттенгенде өтө көп жылуулук бөлүнүп чыгат. Жылуулук металлдардын көп бөлүнүүсүнө жана анын шлактардан толук тазаланышына негизги шарт болуп эсептелет. Алюминотермия марганец, хром, ванадий, вольфрам ж. б. металлдарды алууда жана болоттон жасалган буюмдарды, рельстерди ширетүүдө колдонулат.