Difference between revisions of "АЛЫМКУЛ АТАЛЫК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛЫМКУЛ АТАЛЫК,''' Молдо Алымкул Асан бий уулу (1829/32, Бугун-Биткан деген жер, Кокон хандыгы – 10. 5. 1865, Ташкент шаары) – ''Кокон хандыгынын'' белгилүү саясий ишмери жана аскер башчысы; түш. кыргыздардын ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунун төбөлү. Бала чагында Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин Анжиян, Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы менен аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде ''Алымбек даткага'' кошулуп, ''Кудаяр хандын'' ордуна Маллабекти хан көтөрткөн. 1862-жылы ''Малла хан'' өлтүрүлүп, тактыга 15 жаштагы Шахмурад олтурат, ал эми Алымкул  аталык  хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-жылы  жазында Алымкул  аталык  төңкөрүш уюштуруп, тактыга Малла хандын уулу Султан Саидди отургузат да, иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). Кыска убакыт аралыгында Алымкул аталык  хандыкта тартипти чыңдап, өлкөнү борборлоштурууга аракет кылган. Чек аралардын коопсуздугун чыңдоо максатында чептерди оңдоп, сарбаздардын санын көбөйткөн. Ал анжияндык, аркалык кыргыздарды ынтымакка чакырган. Мисалы, 1863-жылы  сарыбагыш уруусунун чоң манабы Жантай Карабек уулуна орус аскерлерине каршы күрөштө бирге болууга үндөгөн кат жөнөткөн. Алымкул аталыктын көрсөтмөсү менен Кокондон Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарындын манаптарына ынтымакка чакырган каттарды жана өкүлдөрдү жиберишкен. Ошондой эле өлкөнүн эл аралык абалын жакшыртуу максатында 1863–64-жылы  ал Россия императоруна, Түрк султанына, Кытайга, Индиядагы Англия бийлигине, Афганистанга ж. б. мамлекеттерге Кокон хандыгынын атынан элчилерди жөнөткөн. 1864-жылы  полковник М. Г. Черняев башында турган 2500дөй орус аскери Олуя-Ата шаарын, полковник Н.А. Веревкин 1600дөй аскери менен Түркстан чеп калаасын каратып алышкандан кийин Алымкул  аталык  4–6 миңдей аскери менен аларга каршы жортуулга чыккан. Орус аскерлери менен айыгышкан салгылашуулар Ак-Булак, Чымкент, Ыкан ж. б. жерлерде болгон. 1865-жылы  ал кокон аскерлеринин башкы аскер командачысы катары Ташкенттин алдында Шор-Төбө деген жерде Черняев башында турган орус аскерлерине каршы күчтүү коргонууну уюштура алган. Маргалаң, Анжиян, Ош, Шахрикандан ж. б. жерлерден шашылыш аскер топтоп, натыйжада шаарды коргоочулардын санын 30 миңге жеткирген. Салгылашуу 9-майда башталып, адеп орус аскерлери чегинүүгө жанa чабуул коюудан коргонууга өтүүгө аргасыз болушкан. Кайрадан башталган салгылашуу учурунда Алымкул  аталык  оор жаракат алып, курман болот. Бул окуяны өз көзү менен көргөн Мухаммед Салих Кори Ташканди «Тарих-и Жадидаи Ташканд» («Ташкенттин жаңы тарыхы») аттуу эмгегинде Алымкул аталыктын өлүмдөн коркпой айкаштын алдынкы катарында жүрүп, баатырларча курман болгондугу тууралуу баяндайт. Күчтүү кол башчысынан айрылган соң Ташкент шаары тез эле орус аскерлери тарабынан басылып алынган.
''Т.Өмүрбеков.''

'''АЛЫМКУЛ АТАЛЫК,''' Молдо Алымкул Асан бий уулу (1829/32, Бугун-Биткан деген жер, Кокон хандыгы – 10. 5. 1865, Ташкент шаары) – ''Кокон хандыгынын'' белгилүү саясий ишмери жана аскер башчысы; түштүк кыргыздардын ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунун төбөлү. Бала чагында Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин Анжиян, Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы менен аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде ''Алымбек даткага'' кошулуп, ''Кудаяр хандын'' ордуна Маллабекти хан көтөрткөн. 1862-жылы ''Малла хан'' өлтүрүлүп, тактыга 15 жаштагы Шахмурад олтурат, ал эми Алымкул  аталык  хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-жылы  жазында Алымкул  аталык  төңкөрүш уюштуруп, тактыга Малла хандын уулу Султан Саидди отургузат да, иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). Кыска убакыт аралыгында Алымкул аталык  хандыкта тартипти чыңдап, өлкөнү борборлоштурууга аракет кылган. Чек аралардын коопсуздугун чыңдоо максатында чептерди оңдоп, сарбаздардын санын көбөйткөн. Ал анжияндык, аркалык кыргыздарды ынтымакка чакырган. Мисалы, 1863-жылы  сарыбагыш уруусунун чоң манабы Жантай Карабек уулуна орус аскерлерине каршы күрөштө бирге болууга үндөгөн кат жөнөткөн. Алымкул аталыктын көрсөтмөсү менен Кокондон Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарындын манаптарына ынтымакка чакырган каттарды жана өкүлдөрдү жиберишкен. Ошондой эле өлкөнүн эл аралык абалын жакшыртуу максатында 1863–64-жылы  ал Россия императоруна, Түрк султанына, Кытайга, Индиядагы Англия бийлигине, Афганистанга ж. б. мамлекеттерге Кокон хандыгынын атынан элчилерди жөнөткөн. 1864-жылы  полковник М. Г. Черняев башында турган 2500дөй орус аскери Олуя-Ата шаарын, полковник Н.А. Веревкин 1600дөй аскери менен Түркстан чеп калаасын каратып алышкандан кийин Алымкул  аталык  4–6 миңдей аскери менен аларга каршы жортуулга чыккан. Орус аскерлери менен айыгышкан салгылашуулар Ак-Булак, Чымкент, Ыкан ж. б. жерлерде болгон. 1865-жылы  ал кокон аскерлеринин башкы аскер командачысы катары Ташкенттин алдында Шор-Төбө деген жерде Черняев башында турган орус аскерлерине каршы күчтүү коргонууну уюштура алган. Маргалаң, Анжиян, Ош, Шахрикандан ж. б. жерлерден шашылыш аскер топтоп, натыйжада шаарды коргоочулардын санын 30 миңге жеткирген. Салгылашуу 9-майда башталып, адеп орус аскерлери чегинүүгө жанa чабуул коюудан коргонууга өтүүгө аргасыз болушкан. Кайрадан башталган салгылашуу учурунда Алымкул  аталык  оор жаракат алып, курман болот. Бул окуяны өз көзү менен көргөн Мухаммед Салих Кори Ташканди «Тарих-и Жадидаи Ташканд» («Ташкенттин жаңы тарыхы») аттуу эмгегинде Алымкул аталыктын өлүмдөн коркпой айкаштын алдынкы катарында жүрүп, баатырларча курман болгондугу тууралуу баяндайт. Күчтүү кол башчысынан айрылган соң Ташкент шаары тез эле орус аскерлери тарабынан басылып алынган.
''Т.Өмүрбеков.''

09:46, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы

АЛЫМКУЛ АТАЛЫК, Молдо Алымкул Асан бий уулу (1829/32, Бугун-Биткан деген жер, Кокон хандыгы – 10. 5. 1865, Ташкент шаары) – Кокон хандыгынын белгилүү саясий ишмери жана аскер башчысы; түштүк кыргыздардын ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунун төбөлү. Бала чагында Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин Анжиян, Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы менен аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде Алымбек даткага кошулуп, Кудаяр хандын ордуна Маллабекти хан көтөрткөн. 1862-жылы Малла хан өлтүрүлүп, тактыга 15 жаштагы Шахмурад олтурат, ал эми Алымкул аталык хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-жылы жазында Алымкул аталык төңкөрүш уюштуруп, тактыга Малла хандын уулу Султан Саидди отургузат да, иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). Кыска убакыт аралыгында Алымкул аталык хандыкта тартипти чыңдап, өлкөнү борборлоштурууга аракет кылган. Чек аралардын коопсуздугун чыңдоо максатында чептерди оңдоп, сарбаздардын санын көбөйткөн. Ал анжияндык, аркалык кыргыздарды ынтымакка чакырган. Мисалы, 1863-жылы сарыбагыш уруусунун чоң манабы Жантай Карабек уулуна орус аскерлерине каршы күрөштө бирге болууга үндөгөн кат жөнөткөн. Алымкул аталыктын көрсөтмөсү менен Кокондон Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарындын манаптарына ынтымакка чакырган каттарды жана өкүлдөрдү жиберишкен. Ошондой эле өлкөнүн эл аралык абалын жакшыртуу максатында 1863–64-жылы ал Россия императоруна, Түрк султанына, Кытайга, Индиядагы Англия бийлигине, Афганистанга ж. б. мамлекеттерге Кокон хандыгынын атынан элчилерди жөнөткөн. 1864-жылы полковник М. Г. Черняев башында турган 2500дөй орус аскери Олуя-Ата шаарын, полковник Н.А. Веревкин 1600дөй аскери менен Түркстан чеп калаасын каратып алышкандан кийин Алымкул аталык 4–6 миңдей аскери менен аларга каршы жортуулга чыккан. Орус аскерлери менен айыгышкан салгылашуулар Ак-Булак, Чымкент, Ыкан ж. б. жерлерде болгон. 1865-жылы ал кокон аскерлеринин башкы аскер командачысы катары Ташкенттин алдында Шор-Төбө деген жерде Черняев башында турган орус аскерлерине каршы күчтүү коргонууну уюштура алган. Маргалаң, Анжиян, Ош, Шахрикандан ж. б. жерлерден шашылыш аскер топтоп, натыйжада шаарды коргоочулардын санын 30 миңге жеткирген. Салгылашуу 9-майда башталып, адеп орус аскерлери чегинүүгө жанa чабуул коюудан коргонууга өтүүгө аргасыз болушкан. Кайрадан башталган салгылашуу учурунда Алымкул аталык оор жаракат алып, курман болот. Бул окуяны өз көзү менен көргөн Мухаммед Салих Кори Ташканди «Тарих-и Жадидаи Ташканд» («Ташкенттин жаңы тарыхы») аттуу эмгегинде Алымкул аталыктын өлүмдөн коркпой айкаштын алдынкы катарында жүрүп, баатырларча курман болгондугу тууралуу баяндайт. Күчтүү кол башчысынан айрылган соң Ташкент шаары тез эле орус аскерлери тарабынан басылып алынган.
Т.Өмүрбеков.