Difference between revisions of "АНЫКТАГЫЧ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
10 -сап: | 10 -сап: | ||
''А. А. Чекеев, С. Токсонбаев.'' | ''А. А. Чекеев, С. Токсонбаев.'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
10:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНЫКТАГЫЧ , детерминант — n-тартиптеги квадраттык А= ||aij|| матрицасынын (-1)ta1i1...a1in түрүндөгү мүчөлөрүнүн суммасы, мында i1i2,..., in – 1, 2, ..., n сандарынын орундаштыруусу, t – орундаштыруунун инверсияларынын саны. Берилген
матрицасынын аныктагычы же , же det А деп белгиленет. А матрицасынын аныктагычы n! мүчөлөрдөн турат: n = 1 болсо, det А = а11, n=2 болсо, det А = а11а22 - а21а12 болот. А матрицасынын аныктагычын, анын сапчаларына көз каранды функция түрүндө караса ыңгайлуу: det А = D(a1, ..., an). Анда d:Mn→R(A→detA) чагылдыруусу төмөнкү үч шартты канааттандырат: 1) d(A) деген А матрицасынын каалагандай сапчаларынын сызыктуу функциясы:
D(a1, ..., λai + μbi,..., an) = λD(a1, ..., ai + ..., an) + μD(a1, ..., bi,..., an), мында λ, μ ᕮR; 2) эгер А матрицасынын аi сапчасын аi+ аj сапчасына i ≠ j алмаштыруу аркылуу В матрицасын алсак, анда d(A) = d(B); 3) d(En) = 1. Жогорку R – чыныгы сандардын көптүгү, Мn – бардык n – тартиптеги квадраттык матрицалардын жыйындысы, Еn – бирдик матрица. 1-3 шарттары d чагылдыруусун аныктайт, башкача айтканда эгер d:Mn(R) → R чагылдыруусу 1–3 шарттарын канааттандырса, анда d(A)=detA. Ушундай жол менен A-тар аксиоматика түрүндө аныкталат.
Ад.: Курош А. Г. Курс высшей алгебры. М., 1975;Кострикин А.И.. Введение в алгебру. М.,1977.
А. А. Чекеев, С. Токсонбаев.