Difference between revisions of "АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ ата-энелердин балдарын эресеге жеткиче тарбиялап, чоӊойтуудагы укуктары ж-а милдеттери. Алар КРдин Конституциясында ж-а үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөн. Ата-энелик укуктар баланын төрөлүшүн жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында күбөлөндүрүлгөн документтерге негизделет. Ата-эне өзара никеде тургандыгына же ажырашкандыгына карабас тан, балдарына карата бирдей укукка ээ болуп, бирдей милдетти аткарат. Алар тарбиялоого байланышкан маселелерди өз ара макулдашып чечет, ата-эненин ортосунда чыккан талаштар өздөрүнүн катышуусу м-н атайын органдарда чечилет. Ата-эне ажырашканда бала алардын кимисинде калышын өздөрүнчө чече албаса, бул маселени баланын мүдөөсүн көздөө м-н сот чечет. Бөлөк жашаган ата же эне баланы тарбиялоого катышууга милдеттүү, о. эле бала м-н жолугуп турууга укуктуу. Ата-эне балдарын мектепке берүүгө милдеттүү. Мыйзамда ата-эненин укуктарын коргоо жагы да каралган: эресеге жете элек балдарды мыйзамга же соттун чечимине карабастан, бербей кармап турган адамдан аны берүүнү талап кылууга укуктуу. Ата-эне эресеге жете элек, о. эле эресеге жеткен, бирок эмгекке жараксыз балдары үчүн кам көрүүгө милдеттүү (к. Алимент). Балдарын тарбиялоо б-ча өз милдеттерин аткарбай койгон ата-энеге (же алардын бирине) ата-энелик укуктардан ажыратуу чарасы колдонулушу мүмкүн, бирок

бул аларды балдар үчүн кам көрүү милдетинен бошотпойт. Ата-эне ата-энелик укуктарын калыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу, бул маселе баланын кызыкчылыгын көздөө м-н сот тартибинде чечилет . С. Муратбек кызы.