Difference between revisions of "АТ-БАШЫ кыштак"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Begay moved page АТ-БАШЫ to АТ-БАШЫ кыштак)
(Айырма жок)

14:19, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АТ-БАШЫ ‒ Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ат-Башы айыл округунун борбору. Ат-Башы суусунун оӊ жээгинде (Кара-Коюн суусу куйган жерге жакын), деӊиз деӊгээлинен 2060 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 226 км аралыкта. 1929-ж. негизделген. Калкы 10609 (2009). Кыш заводу, наабайкана ж. б. иштейт. Үч орто мектеп, мектеп-интернат, бала бакча, №32 кесиптик-техникалык окуу жайы, китепканалар, бейтапкана, оорукана, дарыкана, маданият үйү, почта, ашкана, кафе, спорт курулмалары, минералдуу сууну куюштуруучу цех, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, ошондой эле 59 мекеме-ишкана бар. Чек арачыларга эстелик тургузулган. Ат-Башы кербен сарай (Бишкек ‒ Кашкар соода жолунда) жайгашкан. Кошой-Коргон шаар калдыгы, Чеч-Дөбө айылдын батыш тарабында. Чыгыш тарабында Ат-Башы суусун бойлой тал, терек өскөн токой бар. Кыштак аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн, айылга жакын жерден эл аралык Бишкек ‒ Торугарт автомобиль жолу өтөт.