Difference between revisions of "АК-ӨЛӨҢ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-ӨЛӨҢ –''' Ысык‑Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Көк‑Мойнок айыл аймагына караш­туу. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 90 ''км'' батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 21 ''км.'' Деңиз деңгээлинен 1650 ''м'' бийиктикте жай­гашкан. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы | '''АК-ӨЛӨҢ –''' Ысык‑Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Көк‑Мойнок айыл аймагына караш­туу. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 90 ''км'' батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 21 ''км.'' Деңиз деңгээлинен 1650 ''м'' бийиктикте жай­гашкан. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы 1910 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, дарыкана, бейтапкана, ки­тепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак­та манасчы ''Саякбай'' Каралаев, Социалисттик Эмгектин Баа­тыры Ө. ''Тулөбердиев'' туулган.<br> |
12:32, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
АК-ӨЛӨҢ – Ысык‑Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Көк‑Мойнок айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 90 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 21 км. Деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикте жайгашкан. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы 1910 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, дарыкана, бейтапкана, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта манасчы Саякбай Каралаев, Социалисттик Эмгектин Баатыры Ө. Тулөбердиев туулган.