Difference between revisions of "АК-СУУ (ЖАР-ТАШ) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АК-СУУ (ЖАР-ТАШ) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ''' ‒ дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу суу булактары. Чүй облусунун Жайыл районунда, Жар-Таш суусунун куйган жеринен 7 ''км'' жогору, Бишкек шаарынан 100 ''км'' түштүк-батышта жайгашкан. 1960-жылы геологиялык изилдөө жүргүзүлүп, дарылык касиети аныкталган. Булактары ордовик мезгилинде пайда болгон кара түстүү сланец катмарларын аралап, тектоникалык жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Суу муздак (7‒14°С), тунук, чала кычкыл (рН 5,5‒5,9) келип, курамы гидрокарбонаттуу жана кальций-магнийлүү. Суунун негизги дарылык фактору ‒ натрий жана магний туздарын түзгөн гидрокарбонат иону. Анын суудагы өлчөмү 0,8‒1,5 ''г/л''. Суу ашказан, боор, өт, ичеги-карын ооруларына даба болот. 1970-жылдан суусундук катары ичүүгө сатыкка чыгарылган. Запасы А+В+С1 ‒ 0,247 миӊ ''м3/с''уткасына.

[[Категория:1-Том]]

08:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК-СУУ (ЖАР-ТАШ) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу суу булактары. Чүй облусунун Жайыл районунда, Жар-Таш суусунун куйган жеринен 7 км жогору, Бишкек шаарынан 100 км түштүк-батышта жайгашкан. 1960-жылы геологиялык изилдөө жүргүзүлүп, дарылык касиети аныкталган. Булактары ордовик мезгилинде пайда болгон кара түстүү сланец катмарларын аралап, тектоникалык жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Суу муздак (7‒14°С), тунук, чала кычкыл (рН 5,5‒5,9) келип, курамы гидрокарбонаттуу жана кальций-магнийлүү. Суунун негизги дарылык фактору ‒ натрий жана магний туздарын түзгөн гидрокарбонат иону. Анын суудагы өлчөмү 0,8‒1,5 г/л. Суу ашказан, боор, өт, ичеги-карын ооруларына даба болот. 1970-жылдан суусундук катары ичүүгө сатыкка чыгарылган. Запасы А+В+С1 ‒ 0,247 миӊ м3/суткасына.