Difference between revisions of "АРУБА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АРУБА –''' Нидерланддын өзүн-өзү башкаруучу аймагы. Кариб деңизинин түштүк бөлүгүндөгү ар, ал Вест-Индияда. Кичи Антил аралдары архипелагынын түштүк-батышында жайгашкан. ''Ылымта аралдар'' тобуна кирет. Ичке кысык аркылуу (туурасы 29 ''км)'' Венесуэладан бөлүнөт. Аянты 193 ''км2.'' Калкы 119,4 миң (2020; калк батыш жээгинде жыш отурукташкан); калкынын 75%ке жакыны европалыктар менен кариб индейлеринин аралашуусунан пайда болгон метистер. Ошондой эле папьяменто (креол тилинде сүйлөйт), голланддар (5%), вест-индиялык креолдор (Латын Америкасынан чыккандар), кытай, еврейлер да жашайт. Негизинен католик (82%), калгандары протестант (9%), мусулман ж. б. диндерин тутат. Администрациялык борбору – Ораньестад шаары. Расмий тили – нидерланд тили. Акча бирдиги – аруба гульдени. Арал жанар тоодон пайда болуп, шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Жеринин бети негизинен тегиз, аскалуу дөңсөөлөр да кездешет. Бийиктиги 188 мге чейин (Яманота тоосу). Тайыз булуңдары бар. Климаты субэкватордук. Айлык орточо температурасы 27°С. Жылдык жаан-чачыны 600 ''мм.''
[[File:АРУБА_39.png | thumb|Арубанын таза ак кумдуу пляжы.]]Дарыялары жок. Кактус, ксерофиль дарагынын бир нече түрү, бадалдар өсөт. Ички дүң продукциясынын көлөмү 2,26 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 21,8 миң доллардан (АКШ; 2004) туура келет. Экономикасынын негизин туризм (жылына 600 миң турист келет; 2001-ж. 899 млн доллар киреше берген) түзөт. Жагымдуу климаты менен кооз пляждары жана таза суусу туристтерди өзүнө тартат. Офшордук банк бизнесинин мааниси зор. Нефть ажыратуу (Синт-Николастагы завод, жылына 21 млн т'')'' өнөр жайы, тиричилик товарлары өндүрүшү, тамеки, суусундук заводдору бар.            Электр станциялары мазут менен иштейт; 2007-ж. 850 млн ''кВт-c'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Сууну тузсуздандыруучу дүйнөдөгү эң ири завод иштейт. Аймагынын 10,5%и гана иштетилет. Климатынын кургактыгына байланыштуу тикенектүү өсүмдүктөр (негизинен фармацевтика үчүн алоэ) жана жашылча (сугарылма) өстүрүлөт. Кой, эчки асыралат. Балык кармалат, деңиз продуктулары даярдалат.
Автомобиль жолунун узундугу 800 ''км'' (анын ичинде 513 ''км''и асфальтталган). Темир жолу жок. Башкы деңиз порттору: Синт-Николас, Ораньестад, Баркадера. Эл аралык аэропорту (Ораньестадга жакын) бар. Сыртка алоэ, нефть продукциясын чыгарып, сырттан нефть, азык-түлүк (малдын) алат. Чийки зат (нефть; Венесуэладан), машина курууга керектүү продукция, автомобиль, тиричилик товарлары, жер семирткич да алат. Heгизги соода шериктери: АКШ, Нидерланд, Улуу Британия.
Ад.: Аруба//Страны мира. Краткий политико-экономический справочник. М., 1997.
'''АРУБА –''' Нидерланддын өзүн-өзү башкаруучу аймагы. Кариб деңизинин түштүк бөлүгүндөгү арал, ал Вест-Индияда. Кичи Антил аралдары архипелагынын түштүк-батышында жайгашкан. ''Ылымта аралдар'' тобуна кирет. Ичке кысык аркылуу (туурасы 29 ''км)'' Венесуэладан бөлүнөт. Аянты 193 ''км2.'' Калкы 119,4 миң (2020; калк батыш жээгинде жыш отурукташкан); калкынын 75%ке жакыны европалыктар менен кариб индейлеринин аралашуусунан пайда болгон метистер. Ошондой эле папьяменто (креол тилинде сүйлөйт), голланддар (5%), вест-индиялык креолдор (Латын Америкасынан чыккандар), кытай, еврейлер да жашайт. Негизинен католик (82%), калгандары протестант (9%), мусулман ж. б. диндерин тутат. Администрациялык борбору – Ораньестад шаары. Расмий тили – нидерланд тили. Акча бирдиги – аруба гульдени. Арал жанар тоодон пайда болуп, шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Жеринин бети негизинен тегиз, аскалуу дөңсөөлөр да кездешет. Бийиктиги 188 мге чейин (Яманота тоосу). Тайыз булуңдары бар. Климаты субэкватордук. Айлык орточо температурасы 27°С. Жылдык жаан-чачыны 600 ''мм.''
[[File:АРУБА_39.png | thumb|Арубанын таза ак кумдуу пляжы.]]Дарыялары жок. Кактус, ксерофиль дарагынын бир нече түрү, бадалдар өсөт. Ички дүң продукциясынын көлөмү 2,26 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 21,8 миң доллардан (АКШ; 2004) туура келет. Экономикасынын негизин туризм (жылына 600 миң турист келет; 2001-ж. 899 млн доллар киреше берген) түзөт. Жагымдуу климаты менен кооз пляждары жана таза суусу туристтерди өзүнө тартат. Офшордук банк бизнесинин мааниси зор. Нефть ажыратуу (Синт-Николастагы завод, жылына 21 млн т'')'' өнөр жайы, тиричилик товарлары өндүрүшү, тамеки, суусундук заводдору бар.            Электр станциялары мазут менен иштейт; 2007-жылы 850 млн ''кВт-c'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Сууну тузсуздандыруучу дүйнөдөгү эң ири завод иштейт. Аймагынын 10,5%и гана иштетилет. Климатынын кургактыгына байланыштуу тикенектүү өсүмдүктөр (негизинен фармацевтика үчүн алоэ) жана жашылча (сугарылма) өстүрүлөт. Кой, эчки асыралат. Балык кармалат, деңиз продуктулары даярдалат.
Автомобиль жолунун узундугу 800 ''км'' (анын ичинде 513 ''км''и асфальтталган). Темир жолу жок. Башкы деңиз порттору: Синт-Николас, Ораньестад, Баркадера. Эл аралык аэропорту (Ораньестадга жакын) бар. Сыртка алоэ, нефть продукциясын чыгарып, сырттан нефть, азык-түлүк (малдын) алат. Чийки зат (нефть; Венесуэладан), машина курууга керектүү продукция, автомобиль, тиричилик товарлары, жер семирткич да алат. Heгизги соода шериктери: АКШ, Нидерланд, Улуу Британия.
Ад.: Аруба//Страны мира. Краткий политико-экономический справочник. М., 1997.

''Р. Карачалова.''
''Р. Карачалова.''

09:14, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АРУБА – Нидерланддын өзүн-өзү башкаруучу аймагы. Кариб деңизинин түштүк бөлүгүндөгү арал, ал Вест-Индияда. Кичи Антил аралдары архипелагынын түштүк-батышында жайгашкан. Ылымта аралдар тобуна кирет. Ичке кысык аркылуу (туурасы 29 км) Венесуэладан бөлүнөт. Аянты 193 км2. Калкы 119,4 миң (2020; калк батыш жээгинде жыш отурукташкан); калкынын 75%ке жакыны европалыктар менен кариб индейлеринин аралашуусунан пайда болгон метистер. Ошондой эле папьяменто (креол тилинде сүйлөйт), голланддар (5%), вест-индиялык креолдор (Латын Америкасынан чыккандар), кытай, еврейлер да жашайт. Негизинен католик (82%), калгандары протестант (9%), мусулман ж. б. диндерин тутат. Администрациялык борбору – Ораньестад шаары. Расмий тили – нидерланд тили. Акча бирдиги – аруба гульдени. Арал жанар тоодон пайда болуп, шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Жеринин бети негизинен тегиз, аскалуу дөңсөөлөр да кездешет. Бийиктиги 188 мге чейин (Яманота тоосу). Тайыз булуңдары бар. Климаты субэкватордук. Айлык орточо температурасы 27°С. Жылдык жаан-чачыны 600 мм.

Арубанын таза ак кумдуу пляжы.

Дарыялары жок. Кактус, ксерофиль дарагынын бир нече түрү, бадалдар өсөт. Ички дүң продукциясынын көлөмү 2,26 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 21,8 миң доллардан (АКШ; 2004) туура келет. Экономикасынын негизин туризм (жылына 600 миң турист келет; 2001-ж. 899 млн доллар киреше берген) түзөт. Жагымдуу климаты менен кооз пляждары жана таза суусу туристтерди өзүнө тартат. Офшордук банк бизнесинин мааниси зор. Нефть ажыратуу (Синт-Николастагы завод, жылына 21 млн т) өнөр жайы, тиричилик товарлары өндүрүшү, тамеки, суусундук заводдору бар. Электр станциялары мазут менен иштейт; 2007-жылы 850 млн кВт-c электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Сууну тузсуздандыруучу дүйнөдөгү эң ири завод иштейт. Аймагынын 10,5%и гана иштетилет. Климатынын кургактыгына байланыштуу тикенектүү өсүмдүктөр (негизинен фармацевтика үчүн алоэ) жана жашылча (сугарылма) өстүрүлөт. Кой, эчки асыралат. Балык кармалат, деңиз продуктулары даярдалат.
Автомобиль жолунун узундугу 800 км (анын ичинде 513 кми асфальтталган). Темир жолу жок. Башкы деңиз порттору: Синт-Николас, Ораньестад, Баркадера. Эл аралык аэропорту (Ораньестадга жакын) бар. Сыртка алоэ, нефть продукциясын чыгарып, сырттан нефть, азык-түлүк (малдын) алат. Чийки зат (нефть; Венесуэладан), машина курууга керектүү продукция, автомобиль, тиричилик товарлары, жер семирткич да алат. Heгизги соода шериктери: АКШ, Нидерланд, Улуу Британия.
Ад.: Аруба//Страны мира. Краткий политико-экономический справочник. М., 1997.

Р. Карачалова.