Difference between revisions of "АТАБАЕВ Токтобай"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

Токтобай (1933, Ош обл., Өзгөн р-ну, Ак-Жар кыш. ‒ 2004, Ош ш.) ‒ бургулоочу, геол. чалгындоо жумуштарынын устаты, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Ташкендеги Геол. чалгындоо
АТАБАЕВ15.png

техникумун бүткөн (1973). 1948-жылдан Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын Түш. Кырг-н геол. экспедициясында жумушчу, бургулоочу (1950), геол. партияда бургулоо жумуштары б-ча участоктун начальниги (1973), Терекан геол. чалгындоо партиясынын башкы инженери, начальниги (1975‒80), Чаткал геол. экс педициясынын башкы инженери (1980‒81), Улуутоо геол. партиясынын начальниги (1981‒90), Түш. Кырг-н геол. экспедициясынын начальнигинин чарбалык иштери б-ча орунбасары (1990‒95), 1995-жылдан Жылкы базасынын директору болуп иштеген. Кырг-дагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарында чоӊ ийгиликке жетишкен. Ленин, Октябрь Революциясы, «Ардак белгиси» ордендери м-н сыйланган.