Difference between revisions of "АКТИНОМИКОЗ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
[АКТИНОМИКО́З]

'''АКТИНОМИКОЗ''' (''актино'' ... жана гр. mykes ‒ козу карын) ‒ малдын жана кишинин жугуштуу өнөкөт ылаӊы, оорусу. Аны актиномицеттин Aktinomyces bovis түрү козгойт. Адамдын оозунда, ичеги-карында жашоочу зыянсыз мите козу карындар белгилүү шартта бул ооруну пайда кылат. Ал негизинен тамак сиӊирүү органдары, кээде аба аркылуу жугат. Организмге кирген оору козгогучту клеткалык тосмолор жана бириктиргич ткандын кабыктары каптаганда актиномикома (шишик) пайда болот. Ал ириӊдегенде тешилип, кан аралаш ириӊ чыгат. Шишиктен чыккан ириӊ, кан лимфа аркылуу организмге тарайт. Анда темппература көтөрүлүп, шишиген жер ооруйт. Дарылоодо актиномицеттүү вакцина, антибиотиктер, кан куюу ж. б. колдонулат. Аны менен көбүнчө уй, кээде чочко, кой, эчки, жылкы ылаӊдайт. Негизинен мал кышында короо-сарайда багылып, кургак, катуу чөп жегенден пайда болот. Козгогучу көбүнчө былжыр челдин жараланган жери аркылуу организмге кирип, ар кайсы орган, тканда (көп учурда жаакта) ириӊдүү шишик ‒ гранулеманы пайда кылат. Ал жанындагы ткандарга тарашы мүмкүн. Алдын алуу үчүн малды саздак жерге жайбоо, кургак, катуу чөптү малга берерде буулантып жумшартуу керек. Дарылоодо негизинен антибиотиктер (пенициллин, окситетрациклин ж. б.) пайдаланылат.

16:05, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АКТИНОМИКОЗ (актино ... жана гр. mykes ‒ козу карын) ‒ малдын жана кишинин жугуштуу өнөкөт ылаӊы, оорусу. Аны актиномицеттин Aktinomyces bovis түрү козгойт. Адамдын оозунда, ичеги-карында жашоочу зыянсыз мите козу карындар белгилүү шартта бул ооруну пайда кылат. Ал негизинен тамак сиӊирүү органдары, кээде аба аркылуу жугат. Организмге кирген оору козгогучту клеткалык тосмолор жана бириктиргич ткандын кабыктары каптаганда актиномикома (шишик) пайда болот. Ал ириӊдегенде тешилип, кан аралаш ириӊ чыгат. Шишиктен чыккан ириӊ, кан лимфа аркылуу организмге тарайт. Анда темппература көтөрүлүп, шишиген жер ооруйт. Дарылоодо актиномицеттүү вакцина, антибиотиктер, кан куюу ж. б. колдонулат. Аны менен көбүнчө уй, кээде чочко, кой, эчки, жылкы ылаӊдайт. Негизинен мал кышында короо-сарайда багылып, кургак, катуу чөп жегенден пайда болот. Козгогучу көбүнчө былжыр челдин жараланган жери аркылуу организмге кирип, ар кайсы орган, тканда (көп учурда жаакта) ириӊдүү шишик ‒ гранулеманы пайда кылат. Ал жанындагы ткандарга тарашы мүмкүн. Алдын алуу үчүн малды саздак жерге жайбоо, кургак, катуу чөптү малга берерде буулантып жумшартуу керек. Дарылоодо негизинен антибиотиктер (пенициллин, окситетрациклин ж. б.) пайдаланылат.