Difference between revisions of "АКТИНОМЕТР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Temirkan moved page АКТИН ОМЕТР to АКТИНОМЕТР)
(Айырма жок)

15:44, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АКТИНОМЕТР ‒ күн радиациясынын интенсивдүүлүгүн ченөөчү прибор. Иштөөсү каралжын нерсе күн радиациясын өзүнө сиӊирип алып, аны жылуулук энергиясына айландырууга негизделген. Күн радиациясынын интенсивдүүлүгү жылуулук калориясы менен ченелет. Жаратылышта чылк кара нерсе кездешпегендиктен, практикада Актинометр үчүн бети карартылган платина пластинкасы же көмүр ыштары пайдаланылат. Алар күн жылуулугунун 98%ин сиӊире алат. Күн радиациясынын тикеден-тике жылуулук калориясы менен ченөөчү приборлор абс. Актинометрлер деп аталат. Ал күн нурларынын энергиялык балансын жана кургакчылыкты изилдөө иштеринде пайдаланылат.