Difference between revisions of "АККОМОДАЦИЯ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АККОМОДАЦИЯ''' (лат. akcomodatio – ыңгайла­нуу), м е д и ц и н а д а – көздүн алыс <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени кара­ганда көздүн | '''АККОМОДАЦИЯ''' (лат. akcomodatio – ыңгайла­нуу), м е д и ц и н а д а – көздүн алыс <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени кара­ганда көздүн аккомодациялык булчуңу жыйрылып, ошон­дон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нур­лары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топ­толуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө аккомодациялык булчуңдун жыйрылышы <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начар­лайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасири­нен аккомодациялык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. Аккомодациянын начарлашын ка­димки калыбына келтирүү үчүн, томпок линза­луу көз айнек кийүү сунуш кылынат. |
11:19, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АККОМОДАЦИЯ (лат. akcomodatio – ыңгайлануу), м е д и ц и н а д а – көздүн алыс жана жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени караганда көздүн аккомодациялык булчуңу жыйрылып, ошондон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нурлары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топтолуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө аккомодациялык булчуңдун жыйрылышы жана чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начарлайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасиринен аккомодациялык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. Аккомодациянын начарлашын кадимки калыбына келтирүү үчүн, томпок линзалуу көз айнек кийүү сунуш кылынат.