Difference between revisions of "АК-САЙ -Талас районундагы кыштак"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

16:36, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АК-САЙ, Ж е ӊ и ш, Ж а ӊ ы - А р ы к ‒ Талас районундагы кыштак. Чоӊ Алыш айыл аймагына караштуу. «Манас» дыйкан чарбасынын аймагында. Талды-Булак ‒ Тараз автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 24 км. Маймак темир жол бекетинен 134 км. Деӊиз деӊгээлинен 1488 м бийиктикте жайгашкан. 1926-жылы орношкон. Калкы 3582 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, медпункт, клуб, китепкана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Б. Көкөбаев туулган.