Difference between revisions of "АДМИНИСТРАЦИЯ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДМИНИСТРАЦИЯ''' (лат. Administratio – башкаруу, жетекчилик) – ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын, башкача | '''АДМИНИСТРАЦИЯ''' (лат. Administratio – башкаруу, жетекчилик) – ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын, башкача айтканда мамлекеттик органдардын же коомдук уюмдардын башында туруп, күндөлүк башкаруу ишин алып баруучу жетекчилер. Администрация: 1) кеңири маанисинде – мамлекеттин иштерин жүзөгө ашыруучу органдардын, аткаруу бийлигинин жогорку жетекчилик органдарынын жыйындысы; 2) кызмат ордундагы адамдар, кандайдыр бир мекеменин, ишкананын жетектөөчү персоналдары; 3) бир катар президенттик республикаларда мамлекет башчысынын алдындагы министрлер кабинетинин аталышы. КРде мамлекеттик масштабда <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> облустук , райондук деңгээлде аткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдары. Алардын милдеттери, укуктары республикалык мыйзам актылары <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> аныкталат.<br>''К. А. Тостокова.''<br> |
16:02, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АДМИНИСТРАЦИЯ (лат. Administratio – башкаруу, жетекчилик) – ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын, башкача айтканда мамлекеттик органдардын же коомдук уюмдардын башында туруп, күндөлүк башкаруу ишин алып баруучу жетекчилер. Администрация: 1) кеңири маанисинде – мамлекеттин иштерин жүзөгө ашыруучу органдардын, аткаруу бийлигинин жогорку жетекчилик органдарынын жыйындысы; 2) кызмат ордундагы адамдар, кандайдыр бир мекеменин, ишкананын жетектөөчү персоналдары; 3) бир катар президенттик республикаларда мамлекет башчысынын алдындагы министрлер кабинетинин аталышы. КРде мамлекеттик масштабда жана облустук , райондук деңгээлде аткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдары. Алардын милдеттери, укуктары республикалык мыйзам актылары менен аныкталат.
К. А. Тостокова.