Difference between revisions of "АГРОФИТОЦЕНОЗ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АГРОФИТОЦЕНОЗ''' (''агро''..., гр. phyton ‒ өсүмдүк, koinos ‒ жалпы) ‒айыл чарба. (маданий) өсүмдүктөрүнүн ээлеген аймактарда (айдоо талаасында, огороддо, жемиш-мөмө багында ж. б.) бирге өскөн түрлөрүнүн тобу. Алар азык-түлүк, тоют жана кайра иштетүүчү өнөр жай үчүн чийки зат болуп эсептелет. Агрофитоценозду аймактар боюнча жайгаштырууда топурак-климаттык шарттар, өзгөчө аба темппературасы, вегетация мезгилинин узактыгы чоӊ роль ойнойт жана рынок мыйзамына ылайык өзгөрүүлөр болуп турат. Кыргызстандын Агрофитоценозун дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, жүгөрү), акшак жана белоктуу дан өсүмдүктөрү  (таруу, кара күрүч, буурчак, соя, фасоль ж. б.), техникалык  өсүмдүктөр (пахта, тамеки, кант кызылчасы), май өсүмдүктөрү (сафлор, күнкарама, рапс, жүгөрү), жашылчалар (томат, бадыраӊ, калемпир, сабиз, пияз ж. б.), тоют өсүмдүктөрү (беде, эспарцет, силостук жүгөрү ж. б.) жана бахча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон ж. б.) түзөт. Бул өсүмдүктөр жыш же жөөктө себилет. Ар бир Агрофитоценоздун өзүнө гана тиешелүү топурак иштетүү, сугаруу, жер семирткич чачуу, илдет жана отоо чөптөн коргоо системасы иштелип чыккан. Өлкөбүздүн сугат жана кайрак айдоолорунда жогоруда аталган Агрофитоценоздун катышуусу менен которуштуруп эгүү түзүлөт. Баалуу көп фитомассаны топуракка калтырып, жерди семиртүү менен кийинки өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатуучу Агрофитоценозго беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чанактуу чөп өсүмдүктөрү кирет. Алынган түшүм менен көп фитомасса кошо кетип, талаада аз гана аӊыз калдыктары калып, жерди арыктатуучу Агрофитоценозго кант жана тоют кызылчасы, пияз, сарымсак, турп, шалгам, сабиз кирет. Калган өсүмдүктөр топурактын күрдүүлүгүнө анча таасир этпейт.
'''АГРОФИТОЦЕНОЗ''' (''агро''..., гр. phyton ‒ өсүмдүк, koinos ‒ жалпы) ‒айыл чарба. (маданий) өсүмдүктөрү  ээлеген аймактарда (айдоо талаасында, огороддо, жемиш-мөмө багында ж. б.) бирге өскөн өсүмдүк  түрлөрүнүн тобу. Алар азык-түлүк, тоют жана кайра иштетүүчү өнөр жай үчүн чийки зат болуп эсептелет. Агрофитоценозду аймактар боюнча жайгаштырууда топурак-климаттык шарттар, өзгөчө аба темппературасы, вегетация мезгилинин узактыгы чоӊ роль ойнойт жана рынок мыйзамына ылайык өзгөрүүлөр болуп турат. Кыргызстандын агрофитоценозун дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, жүгөрү), акшак жана белоктуу дан өсүмдүктөрү  (таруу, кара күрүч, буурчак, соя, фасоль ж. б.), техникалык  өсүмдүктөр (пахта, тамеки, кант кызылчасы), май өсүмдүктөрү (сафлор, күн карама, рапс, жүгөрү), жашылчалар (томат, бадыраӊ, калемпир, сабиз, пияз ж. б.), тоют өсүмдүктөрү (беде, эспарцет, силостук жүгөрү ж. б.) жана бахча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон ж. б.) түзөт. Бул өсүмдүктөр жыш же жөөктө себилет. Ар бир агрофитоценоздун өзүнө гана тиешелүү топурак иштетүү, сугаруу, жер семирткич чачуу, илдет жана отоо чөптөн коргоо системасы иштелип чыккан. Өлкөбүздүн сугат жана кайрак айдоолорунда жогоруда аталган агрофитоценоздун катышуусу менен которуштуруп эгүү түзүлөт. Баалуу көп фитомассаны топуракка калтырып, жерди семиртүү менен кийинки өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатуучу агрофитоценозго беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чанактуу чөп өсүмдүктөрү кирет. Алынган түшүм менен көп фитомасса кошо кетип, талаада аз гана аӊыз калдыктары калып, жерди арыктатуучу агрофитоценозго кант жана тоют кызылчасы, пияз, сарымсак, турп, шалгам, сабиз кирет. Калган өсүмдүктөр топурактын күрдүүлүгүнө анча таасир этпейт.

12:23, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АГРОФИТОЦЕНОЗ (агро..., гр. phyton ‒ өсүмдүк, koinos ‒ жалпы) ‒айыл чарба. (маданий) өсүмдүктөрү ээлеген аймактарда (айдоо талаасында, огороддо, жемиш-мөмө багында ж. б.) бирге өскөн өсүмдүк түрлөрүнүн тобу. Алар азык-түлүк, тоют жана кайра иштетүүчү өнөр жай үчүн чийки зат болуп эсептелет. Агрофитоценозду аймактар боюнча жайгаштырууда топурак-климаттык шарттар, өзгөчө аба темппературасы, вегетация мезгилинин узактыгы чоӊ роль ойнойт жана рынок мыйзамына ылайык өзгөрүүлөр болуп турат. Кыргызстандын агрофитоценозун дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, жүгөрү), акшак жана белоктуу дан өсүмдүктөрү (таруу, кара күрүч, буурчак, соя, фасоль ж. б.), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки, кант кызылчасы), май өсүмдүктөрү (сафлор, күн карама, рапс, жүгөрү), жашылчалар (томат, бадыраӊ, калемпир, сабиз, пияз ж. б.), тоют өсүмдүктөрү (беде, эспарцет, силостук жүгөрү ж. б.) жана бахча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон ж. б.) түзөт. Бул өсүмдүктөр жыш же жөөктө себилет. Ар бир агрофитоценоздун өзүнө гана тиешелүү топурак иштетүү, сугаруу, жер семирткич чачуу, илдет жана отоо чөптөн коргоо системасы иштелип чыккан. Өлкөбүздүн сугат жана кайрак айдоолорунда жогоруда аталган агрофитоценоздун катышуусу менен которуштуруп эгүү түзүлөт. Баалуу көп фитомассаны топуракка калтырып, жерди семиртүү менен кийинки өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатуучу агрофитоценозго беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чанактуу чөп өсүмдүктөрү кирет. Алынган түшүм менен көп фитомасса кошо кетип, талаада аз гана аӊыз калдыктары калып, жерди арыктатуучу агрофитоценозго кант жана тоют кызылчасы, пияз, сарымсак, турп, шалгам, сабиз кирет. Калган өсүмдүктөр топурактын күрдүүлүгүнө анча таасир этпейт.