Difference between revisions of "АВТОРИТАРИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АВТОРИТАРИЗМ''' (лат. autor ‒ түзүүчү, жаратуучу жана лат. autoritas ‒ бийлик, таасир) ‒ жарандардын саясий укуктары менен эркиндиктери жок же олуттуу чектелген, алардын башкаруучу төбөлдөрдүн иштерине таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк бербеген саясий режим. Авторитаризм демократиялык  эмес бийлик жүргүзүү системасы, өлкөнүн ички жана тышкы саясатына тиешелүү маселелерди демократияга, эл массасына таянбай чечүүчү саясий режимдин бир формасы. Мындай бийлик бир кишинин колуна же бир органга топтолот жана өкүлдүү башкаруу институттарынын ролун төмөн түшүрөт, оппозицияларды жана коомдук автономиялуу саясий системалардын иштерин минимумга алып келет. Авторитардык режим эл тарабынан түзүлбөйт жана башкарылбайт, текшерилбейт; куралдуу күчкө, зордук-зомбулукка таянган бийликтин аз тобунун колунда болот. Авторитардык бийлик аскердик жазалоочу аппаратка таянып, террор жолу менен оппозициялык күчтөрдү басып турат. 20-кылымдын 30‒40-жылдарында мурдагы СССР мамлекетинде Авторитаризм,  жеке адамга сыйынуу, булар менен өзөктөш тоталитаризм (бийликтин бүткүл өлкөнү, ар адамды толук, бекем, катуу көзөмөлгө алышы) ‒ административдик‒ буйрукчул система өкүм сүргөн. Авторитаризм термини социологияга Франкфурт мектебинин теоретиктери тарабынан киргизилген (20-кылымдын  30-жылдары). Алардын концепциясы боюнча Авторитаризм 20-кылымдагы бардык «фашисттик» жана «фашизоиддик» режимдердин бардыгына социалдык негиз жана азыктануучу чөйрө болду. 60-жылдарда Авторитаризм  түшүнүгү сол радикалдык социологияда жана публицистикада пайдаланылган. 70-жылдардын ортосунан неоконсервативдик багыттагы социологияда сынга алынат. Азыркы Батыш социологдору, Авторитаризмге өзгөчө мамиле кылуу, айрыкча эмпириялык изилдөөлөрдө колдонгондо сак болуу зарыл дешет. Акыркы жылдарда фашисттик тенденциялар пайда боло баштагандан бери Авторитаризм жана тоталитардык типтеги аӊ-сезимди айырмалоо жөнүндөгү көз караштар басымдуулук кылууда.

''Т. Эсенгелдиев, А. Ишеналиева.''
''Т. Эсенгелдиев, А. Ишеналиева.''
[[Категория:1-Том]]

08:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВТОРИТАРИЗМ (лат. autor ‒ түзүүчү, жаратуучу жана лат. autoritas ‒ бийлик, таасир) ‒ жарандардын саясий укуктары менен эркиндиктери жок же олуттуу чектелген, алардын башкаруучу төбөлдөрдүн иштерине таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк бербеген саясий режим. Авторитаризм демократиялык эмес бийлик жүргүзүү системасы, өлкөнүн ички жана тышкы саясатына тиешелүү маселелерди демократияга, эл массасына таянбай чечүүчү саясий режимдин бир формасы. Мындай бийлик бир кишинин колуна же бир органга топтолот жана өкүлдүү башкаруу институттарынын ролун төмөн түшүрөт, оппозицияларды жана коомдук автономиялуу саясий системалардын иштерин минимумга алып келет. Авторитардык режим эл тарабынан түзүлбөйт жана башкарылбайт, текшерилбейт; куралдуу күчкө, зордук-зомбулукка таянган бийликтин аз тобунун колунда болот. Авторитардык бийлик аскердик жазалоочу аппаратка таянып, террор жолу менен оппозициялык күчтөрдү басып турат. 20-кылымдын 30‒40-жылдарында мурдагы СССР мамлекетинде Авторитаризм, жеке адамга сыйынуу, булар менен өзөктөш тоталитаризм (бийликтин бүткүл өлкөнү, ар адамды толук, бекем, катуу көзөмөлгө алышы) ‒ административдик‒ буйрукчул система өкүм сүргөн. Авторитаризм термини социологияга Франкфурт мектебинин теоретиктери тарабынан киргизилген (20-кылымдын 30-жылдары). Алардын концепциясы боюнча Авторитаризм 20-кылымдагы бардык «фашисттик» жана «фашизоиддик» режимдердин бардыгына социалдык негиз жана азыктануучу чөйрө болду. 60-жылдарда Авторитаризм түшүнүгү сол радикалдык социологияда жана публицистикада пайдаланылган. 70-жылдардын ортосунан неоконсервативдик багыттагы социологияда сынга алынат. Азыркы Батыш социологдору, Авторитаризмге өзгөчө мамиле кылуу, айрыкча эмпириялык изилдөөлөрдө колдонгондо сак болуу зарыл дешет. Акыркы жылдарда фашисттик тенденциялар пайда боло баштагандан бери Авторитаризм жана тоталитардык типтеги аӊ-сезимди айырмалоо жөнүндөгү көз караштар басымдуулук кылууда.

Т. Эсенгелдиев, А. Ишеналиева.