Difference between revisions of "АВАТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


''Р. Жолдошов.''<br>
''Р. Жолдошов.''<br>
[[Категория:1-Том]]

08:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВАТ, авагат – ичкилик уруу бирикмесиндеги ири уруулардын бири. Санжыралык маалыматтарда Ават уруусунун түпкү теги жөнүндө айтылбастан, тек гана ичкилик урууларынын бири экендиги көрсөтүлөт. Ушуга байланыштуу илимий божомолдор да азыраак болуп, жалпы ичкилик урууларына берилген мүнөздөмө боюнча кыргыздардын этностук курамына салыштырмалуу кийинки мезгилде кошулган этностук компонент катары саналат. Кыргыз уруулары жөнүндө баяндаган 16-кылымга таандык жазма булак - «Мажму ат-Таварихте» ичкилик урууларынын катарында Ават уруусу аталган эмес. Буга караганда ичкилик уруулук тобуна Ават 16-кылымдан кийинки мезгилде гана кошулгандыгын айтса болот. Айрым тарыхый документтерде бул уруу түндүк кыргыз урууларынын катарында болуп, кийин ичкилик тобуна кошулгандыгын көргөзгөн маалыматтар да кездешет. Аны уруунун ичиндеги айрым этникалык элементтер да тастыктайт. Ават уруусу ич ара бир канча ири уруктарга (гүжөн, ботон-жанат, уста, токмок, жой, беглер, могол жана татар) бөлүнөт. Бул уруктардын ичинен Ават уруусуна тыштан кирген элемент катары могол (могол уругу моңолдор менен тыгыз байланышта болгондугун билүү кыйын эмес) жана татар уруктарын байкоого болот. Ават уруусу негизинен Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун аймагын жердешет. Лейлектеги Катыраң, Өзгөрүш, Баул, ал эми Баткендеги Кулан, Говсувар, Самаркандек, Аксай, Актатыр, Жаңыбак, Капчыгай, Ортобоз, Үч-Дөбө ж. б., Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Абат, Таштакабат айылдарынын тургундарынын көпчүлүгү Aваттар. Мындан тышкары, Тажикстан жана Өзбекстандын айрым жерлеринде да жашашат.
Ад.: Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы /КЖФ № 364; Жолдошев P. XVIII кылымдагы кыргыздардын уруулук курамы жана дуалдык-этносоциалдык уюму/ Кыргызстан: история и современность. Б., 2006.

Р. Жолдошов.