Difference between revisions of "АБШЫР-САЙ (жер)"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)

1 -сап: 1 -сап:
'''АБШЫР-САЙ''' – Ош облусунун Ноокат районундагы табигый кооз жер. Райондун борбору Эски-Ноокаттан 25–26 км аралыкта. Абшыр-Сай суусу Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшүп, адырларга өтөөрдө акиташ тектеринен түзүлгөн аскаларды кесип агып, тар жана терең капчыгайды пайда кылат. Капчыгайдын таманынын жазылыгы 20 ''м''дей, узундугу 2 ''км,'' салыштырма бийиктиги 600–800 ''м,'' абсолюттук бийиктиги 1800–1900 ''м. ''Өрөөндүн таманынан 30–35 ''м'' бийиктикте, капчыгайдын оң капталындагы диаметри 2 ''м'' келген чуңкурдан булак атырылып чыгып (чыгымы 0,3 ''м3/секг''а жакын), эки баскычтуу шаркыратманы пайда кылат. Биринчи баскычтын бийиктиги 15 ''м''ден ашык, экинчиси 11–12 ''м.'' Өрөөндөгү сууга салыштырганда шаркыратманын суусу тунук, муздак, кальций, магнийге бай. Суу жер астындагы карсттык көлмөнүн бир четиндеги жарака менен жыл бою бир калыпта сыртка чыгат. Абшыр-Сай шаркыратмасынын тегереги өзгөчө кооз, суу жээктей бадалдар өсөт; алардын арасына тал-терек, мөмө дарактары тигилген. Шаркыратманы даана көрүш үчүн капчыгайдын эки капталына бетон тепкичтер жана тектирчелер курулган.

[[Категория:1-Том]]

16:40, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБШЫР-САЙ – Ош облусунун Ноокат районундагы табигый кооз жер. Райондун борбору Эски-Ноокаттан 25–26 км аралыкта. Абшыр-Сай суусу Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшүп, адырларга өтөөрдө акиташ тектеринен түзүлгөн аскаларды кесип агып, тар жана терең капчыгайды пайда кылат. Капчыгайдын таманынын жазылыгы 20 мдей, узундугу 2 км, салыштырма бийиктиги 600–800 м, абсолюттук бийиктиги 1800–1900 м. Өрөөндүн таманынан 30–35 м бийиктикте, капчыгайдын оң капталындагы диаметри 2 м келген чуңкурдан булак атырылып чыгып (чыгымы 0,3 м3/секга жакын), эки баскычтуу шаркыратманы пайда кылат. Биринчи баскычтын бийиктиги 15 мден ашык, экинчиси 11–12 м. Өрөөндөгү сууга салыштырганда шаркыратманын суусу тунук, муздак, кальций, магнийге бай. Суу жер астындагы карсттык көлмөнүн бир четиндеги жарака менен жыл бою бир калыпта сыртка чыгат. Абшыр-Сай шаркыратмасынын тегереги өзгөчө кооз, суу жээктей бадалдар өсөт; алардын арасына тал-терек, мөмө дарактары тигилген. Шаркыратманы даана көрүш үчүн капчыгайдын эки капталына бетон тепкичтер жана тектирчелер курулган.