Difference between revisions of "АБХАЗИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБХАЗИЯ''', А б х а з  Р е с п у б л и к а с ы Закавказьенин түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 8,6 миң км''2.'' Калкы 240,7 миңден ашык (2011). Абхазиянын курамында 7 административдик  район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Борбору – Сухум шаары. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн абхаздар түзөт, ошондой эле  эле армян, орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы - 48%. Ири шаарлары: Сухум, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу бөлүгүн ''Башкы Кавказ'' кырка тоосунун тармактары ээлейт. Түштүк-батышын ''Кара деңиз'' чулгайт. Түштүк-чыгышында ''Колхида ойдуңунун'' ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойдуңдарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орт. температурасы жээк тилкесинде 4–7°С, тоолорунда 2ден -2°Сге чейин, июлдуку 22–24°С жана 16–18°С. Жылдык жаан-чачыны 1300–2400 ''мм.'' Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. Көлү – Рица, Аликел. Ойдуңдары жана адырлары күл, кызыл, сары, тоолору күрөң, чым көңдүү шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, деңиз жээктеринде субтропиктик өсүмдүктөр өсөт. Рица, Пицунда–Мюссерск коруктары уюшулган. Абхазиянын аймагына адамдар төмөнкү палеолит доорунда отурукташа баштаган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягында Абхазиянын аймагын мекендеген көптөгөн уруулар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар жазма эстеликтерде (Страбон ж. б.) эскериле баштайт. Б. з. ч. 6-кылымда Абхазиянын жээктеринде грек колониялары – Диоскурия (азыркы Сухуми), Питиунт ж. б. пайда болгон. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Абхазия понтий падышасы Митридат VI Евпатордун, б. з. ч. 65-жылдан римдиктердин көзөмөлүнө өтүп, Севастополь (Сухуми), Питиунт (Пицунда) чептери курулган. Б. з. ч. 1-кылымдын аягында Абхазиянын аймагында жергиликтүү апсил, абазг жана саниг уруу бирикмелери калыптанган. 6-кылымда христиан дини расмий дин катары кабыл алынып, чиркөөлөр курула баштаган. 6-кылымдын ортосунан бүткүл Батыш Закавказье Византиянын көзөмөлүнө өткөн. 8-кылымдын 80-жылдарында Ахазиянын башкаруучусу Леон II өлкөнү Византиянын бийлигинен куткарып, борбору алгач Анакопия, кийин Кутаиси болгон Абхаз падышачылыгын негиздейт. 10-кылымдын аягы – 15-кылымда Абхазия Грузин падышачылыгынын курамына кирген. 16-кылымда Абхазия өз алдынча княздык болуп бөлүнүп чыккан, бирок көп узабай түрктөр тарабынан каратылат. Сухумкале чеби түрктөрдүн Абхазиядагы таяныч чебине айланган. 17–18-кылымдарда Абхазия Осмон империясынын вассалына айланган соң, ислам динин таратуу аракеттери күч алган. 18–19-кылымдардын башында жергиликтүү элдер бир нече жолу (1725, 1728, 1733, 1771, 1806) Осмон бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан. 1810-жылы Абхазия Россияга каратылган. 1862-жылы абхаз алфавити түзүлгөн. 1864-жылдан Абхазия  түздөн түз россиялык башкарууга өтүп, княздык «Сухумилик аскер бөлүмүнө» айландырылган. 1921-жылы 4-мартта Совет бийлиги орнотулуп, Абхаз ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланат. 1922-жылы  Абхазия Грузин ССРинин курамында ЗСФСРге, 1922-жылдын 30-декабрында ЗСФСРдин курамында СССРге кирген. 1925-ж. 1-апрелде биринчи Конституциясы кабыл алынган. 1931-жылдын февралынан Абхазия автономиялуу республика катары Грузин ССРинин курамында келген. 1989-жылы башталган грузин-абхаз чатагы 1992–94-жылдарда  согуштук аракеттерге алып келген. 1994-жылы Абхазияга КМШ өлкөлөрүнүн тынчтыкты орнотуу күчтөрү, негизинен россиялык аскерлер киргизилет. Согуштук аракеттер токтотулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин Абхазиянын статусу жана анын Грузия менен мамилелери жөнгө салынбастан калып келет. Тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва ж. б.), жеңил (булгаары-бут кийим, жибек кездеме токуу өндүрүшү), жыгаччылык, машина куруу өнөр жайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Таш көмүр казылып алынат. Ткварчели ГРЭСи, Сухум ГЭСи иштейт. Чай, тамеки, цитрус, эфир май өсүмдүктөрү, тунг, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү айдалат. Башкы порту – Сухум. Курорттору: Гагра, Пицунда, Жаңы Афон, Гудаута ж. б.
Ад.: ''Гулиа Д.'' История Абхазии. Тб., 1925.
''                                                          С. Айткулова, А. Орозов.''
'''АБХАЗИЯ''', А б х а з  Р е с п у б л и к а с ы Закавказьенин түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 8,6 миң км''2.'' Калкы 240,7 миңден ашык (2011). Абхазиянын курамында 7 административдик  район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Борбору – Сухум шаары. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн абхаздар түзөт, ошондой эле  эле армян, орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 48%. Ири шаарлары: Сухум, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу бөлүгүн ''Башкы Кавказ'' кырка тоосунун тармактары ээлейт. Түштүк-батышын ''Кара деңиз'' чулгайт. Түштүк-чыгышында ''Колхида ойдуңунун'' ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойдуңдарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы жээк тилкесинде 4–7°С, тоолорунда 2ден –2°Сге чейин, июлдуку 22–24°С жана 16–18°С. Жылдык жаан-чачыны 1300–2400 ''мм.'' Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. Көлү – Рица, Аликел. Ойдуңдары жана адырлары күл, кызыл, сары, тоолору күрөң, чым көңдүү шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, деңиз жээктеринде субтропиктик өсүмдүктөр өсөт. Рица, Пицунда–Мюссерск коруктары уюшулган. Абхазиянын аймагына адамдар төмөнкү палеолит доорунда отурукташа баштаган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягында Абхазиянын аймагын мекендеген көптөгөн уруулар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар жазма эстеликтерде (Страбон ж. б.) эскериле баштайт. Б. з. ч. 6-кылымда Абхазиянын жээктеринде грек колониялары – Диоскурия (азыркы Сухуми), Питиунт ж. б. пайда болгон. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Абхазия понтий падышасы Митридат VI Евпатордун, б. з. ч. 65-жылдан римдиктердин көзөмөлүнө өтүп, Севастополь (Сухуми), Питиунт (Пицунда) чептери курулган. Б. з. ч. 1-кылымдын аягында Абхазиянын аймагында жергиликтүү апсил, абазг жана саниг уруу бирикмелери калыптанган. 6-кылымда христиан дини расмий дин катары кабыл алынып, чиркөөлөр курула баштаган. 6-кылымдын ортосунан бүткүл Батыш Закавказье Византиянын көзөмөлүнө өткөн. 8-кылымдын 80-жылдарында Абхазиянын башкаруучусу Леон II өлкөнү Византиянын бийлигинен куткарып, борбору алгач Анакопия, кийин Кутаиси болгон Абхаз падышачылыгын негиздейт. 10-кылымдын аягы – 15-кылымда Абхазия Грузин падышачылыгынын курамына кирген. 16-кылымда Абхазия өз алдынча княздык болуп бөлүнүп чыккан, бирок көп узабай түрктөр тарабынан каратылат. Сухумкале чеби түрктөрдүн Абхазиядагы таяныч чебине айланган. 17–18-кылымдарда Абхазия Осмон империясынын вассалына айланган соң, ислам динин таратуу аракеттери күч алган. 18–19-кылымдардын башында жергиликтүү элдер бир нече жолу (1725, 1728, 1733, 1771, 1806) Осмон бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан. 1810-жылы Абхазия Россияга каратылган. 1862-жылы абхаз алфавити түзүлгөн. 1864-жылдан Абхазия  түздөн түз россиялык башкарууга өтүп, княздык «Сухумилик аскер бөлүмүнө» айландырылган. 1921-жылы 4-мартта Совет бийлиги орнотулуп, Абхаз ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланат. 1922-жылы  Абхазия Грузин ССРинин курамында ЗСФСРге, 1922-жылдын 30-декабрында ЗСФСРдин курамында СССРге кирген. 1925-ж. 1-апрелде биринчи Конституциясы кабыл алынган. 1931-жылдын февралынан Абхазия автономиялуу республика катары Грузин ССРинин курамында келген. 1989-жылы башталган грузин-абхаз чатагы 1992–94-жылдарда  согуштук аракеттерге алып келген. 1994-жылы Абхазияга КМШ өлкөлөрүнүн тынчтыкты орнотуу күчтөрү, негизинен россиялык аскерлер киргизилет. Согуштук аракеттер токтотулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин Абхазиянын статусу жана анын Грузия менен мамилелери жөнгө салынбастан калып келет. Тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва ж. б.), жеңил (булгаары-бут кийим, жибек кездеме токуу өндүрүшү), жыгаччылык, машина куруу өнөр жайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Таш көмүр казылып алынат. Ткварчели ГРЭСи, Сухум ГЭСи иштейт. Чай, тамеки, цитрус, эфир май өсүмдүктөрү, тунг, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү айдалат. Башкы порту – Сухум. Курорттору: Гагра, Пицунда, Жаңы Афон, Гудаута ж. б.
Ад.: ''Гулиа Д.'' История Абхазии. Тб., 1925.
''                                                          С. Айткулова, А. Орозов.''

16:27, 14 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы

АБХАЗИЯ, А б х а з Р е с п у б л и к а с ы Закавказьенин түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 8,6 миң км2. Калкы 240,7 миңден ашык (2011). Абхазиянын курамында 7 административдик район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Борбору – Сухум шаары. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн абхаздар түзөт, ошондой эле эле армян, орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы – 48%. Ири шаарлары: Сухум, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Башкы Кавказ кырка тоосунун тармактары ээлейт. Түштүк-батышын Кара деңиз чулгайт. Түштүк-чыгышында Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойдуңдарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы жээк тилкесинде 4–7°С, тоолорунда 2ден –2°Сге чейин, июлдуку 22–24°С жана 16–18°С. Жылдык жаан-чачыны 1300–2400 мм. Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. Көлү – Рица, Аликел. Ойдуңдары жана адырлары күл, кызыл, сары, тоолору күрөң, чым көңдүү шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, деңиз жээктеринде субтропиктик өсүмдүктөр өсөт. Рица, Пицунда–Мюссерск коруктары уюшулган. Абхазиянын аймагына адамдар төмөнкү палеолит доорунда отурукташа баштаган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягында Абхазиянын аймагын мекендеген көптөгөн уруулар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар жазма эстеликтерде (Страбон ж. б.) эскериле баштайт. Б. з. ч. 6-кылымда Абхазиянын жээктеринде грек колониялары – Диоскурия (азыркы Сухуми), Питиунт ж. б. пайда болгон. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Абхазия понтий падышасы Митридат VI Евпатордун, б. з. ч. 65-жылдан римдиктердин көзөмөлүнө өтүп, Севастополь (Сухуми), Питиунт (Пицунда) чептери курулган. Б. з. ч. 1-кылымдын аягында Абхазиянын аймагында жергиликтүү апсил, абазг жана саниг уруу бирикмелери калыптанган. 6-кылымда христиан дини расмий дин катары кабыл алынып, чиркөөлөр курула баштаган. 6-кылымдын ортосунан бүткүл Батыш Закавказье Византиянын көзөмөлүнө өткөн. 8-кылымдын 80-жылдарында Абхазиянын башкаруучусу Леон II өлкөнү Византиянын бийлигинен куткарып, борбору алгач Анакопия, кийин Кутаиси болгон Абхаз падышачылыгын негиздейт. 10-кылымдын аягы – 15-кылымда Абхазия Грузин падышачылыгынын курамына кирген. 16-кылымда Абхазия өз алдынча княздык болуп бөлүнүп чыккан, бирок көп узабай түрктөр тарабынан каратылат. Сухумкале чеби түрктөрдүн Абхазиядагы таяныч чебине айланган. 17–18-кылымдарда Абхазия Осмон империясынын вассалына айланган соң, ислам динин таратуу аракеттери күч алган. 18–19-кылымдардын башында жергиликтүү элдер бир нече жолу (1725, 1728, 1733, 1771, 1806) Осмон бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан. 1810-жылы Абхазия Россияга каратылган. 1862-жылы абхаз алфавити түзүлгөн. 1864-жылдан Абхазия түздөн түз россиялык башкарууга өтүп, княздык «Сухумилик аскер бөлүмүнө» айландырылган. 1921-жылы 4-мартта Совет бийлиги орнотулуп, Абхаз ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланат. 1922-жылы Абхазия Грузин ССРинин курамында ЗСФСРге, 1922-жылдын 30-декабрында ЗСФСРдин курамында СССРге кирген. 1925-ж. 1-апрелде биринчи Конституциясы кабыл алынган. 1931-жылдын февралынан Абхазия автономиялуу республика катары Грузин ССРинин курамында келген. 1989-жылы башталган грузин-абхаз чатагы 1992–94-жылдарда согуштук аракеттерге алып келген. 1994-жылы Абхазияга КМШ өлкөлөрүнүн тынчтыкты орнотуу күчтөрү, негизинен россиялык аскерлер киргизилет. Согуштук аракеттер токтотулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин Абхазиянын статусу жана анын Грузия менен мамилелери жөнгө салынбастан калып келет. Тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва ж. б.), жеңил (булгаары-бут кийим, жибек кездеме токуу өндүрүшү), жыгаччылык, машина куруу өнөр жайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Таш көмүр казылып алынат. Ткварчели ГРЭСи, Сухум ГЭСи иштейт. Чай, тамеки, цитрус, эфир май өсүмдүктөрү, тунг, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү айдалат. Башкы порту – Сухум. Курорттору: Гагра, Пицунда, Жаңы Афон, Гудаута ж. б.
Ад.: Гулиа Д. История Абхазии. Тб., 1925.
С. Айткулова, А. Орозов.