Difference between revisions of "АБО"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБО''' – Кыргыз кагандыгындагы белгилүү кол башчы (9- | '''АБО''' – Кыргыз кагандыгындагы белгилүү кол башчы (9-кылымдын орто чени). Або тууралуу маалымат кытай булактарында кездешет. Андагы маалыматтар боюнча кыргыз өкүмдары 840-жылы Уйгур кагандыгын талкалап, анын ордосун ээлегенден кийин уйгур каганынын зайыбы, түпкү теги кытай ханайымы Тайхону туткундаган. Ал Кытай мамлекети <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> мамиле түзүү максатын көздөп, 841-жылы ханайымды элчи Түлүш Алптын коштоосунда Тан империясына жөнөтөт. Кыргыз элчилигине жолдон уйгур каганы Уцзе кол салып, алар ханайым Тайходон бөлөгүнүн баарын өлтүрүшүп, Гоби аркылуу азыркы Монголиянын чыгыш тарабына качып барышат. Кыргыз өкүмдары алардын артынан аскер башчы Або баштаган 70000 аскер жөнөтөт. Ал Тяньдэ воеводствосунун түштүк-батышы аркылуу жол тартып, шивейлерге кол салып, мында калган уйгурларды туткундап, аларды Гоби чөлүнүн түндүк бөлүгүнө жайгаштырган.<br>'' М. Кожобеков.'' |
16:28, 11 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
АБО – Кыргыз кагандыгындагы белгилүү кол башчы (9-кылымдын орто чени). Або тууралуу маалымат кытай булактарында кездешет. Андагы маалыматтар боюнча кыргыз өкүмдары 840-жылы Уйгур кагандыгын талкалап, анын ордосун ээлегенден кийин уйгур каганынын зайыбы, түпкү теги кытай ханайымы Тайхону туткундаган. Ал Кытай мамлекети менен мамиле түзүү максатын көздөп, 841-жылы ханайымды элчи Түлүш Алптын коштоосунда Тан империясына жөнөтөт. Кыргыз элчилигине жолдон уйгур каганы Уцзе кол салып, алар ханайым Тайходон бөлөгүнүн баарын өлтүрүшүп, Гоби аркылуу азыркы Монголиянын чыгыш тарабына качып барышат. Кыргыз өкүмдары алардын артынан аскер башчы Або баштаган 70000 аскер жөнөтөт. Ал Тяньдэ воеводствосунун түштүк-батышы аркылуу жол тартып, шивейлерге кол салып, мында калган уйгурларды туткундап, аларды Гоби чөлүнүн түндүк бөлүгүнө жайгаштырган.
М. Кожобеков.