Difference between revisions of "АБДЫБЕКОВ Садырбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

13:01, 25 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АБДЫБЕКОВ Садырбек (1871, Ысык-Көл облусу ,Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы – 1950, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Жол-Колот айылы) – мергенчи, натуралист, саякатчы, тилмеч. 18-кылымдын аягынан тартып орус (А. А. Куценко, 1901; В. Н. Шнитников ж. б.) жана чет өлкөлүк (Д. Алмаши, 1900; Г. Мерцбахер, 1902-03; Д. Принц, 1906 ж. б.) илимий экспедицияларга катышкан. Алар менен Теңир-Тоонун Күнгөй–Тескей, Сары-Жаз, Көөлү, Арпа, Суусамыр, Балгарт ж. б. көп жерлерин (1890–1943), Иле өрөөнүн (1909, 1912-13), Балкаш көлүнүн жээктерин (1913), Жунгар тоолору менен Ала-Көлдү (1914), Күнөс, Текес, Борохорону (1916-21) ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, Россиянын (Москва, Петербург) жана чет өлкөлөрдүн (Будапешт, Лондон, Мюнхен ж. б.) бир топ музейлерин көп сандаган коллекциялар менен жабдыган. Кыргызстанда мамлекеттик аңчылыкты уюштуруучулардын бири. Аңчылар союзунун башкармасына шайланган. 1930-жылдан баштап Пржевальскидеги чумага каршы станциянын илимий кызматкери катары бир нече экспедицияга катышкан. Фрунзедеги (1926) жана Пржевальскидеги (1928–29) мекен таануу музейлерин уюштурууга катышып, аларга өзү даярдаган коллекцияларын берген. Кыргыз жергесин, анын табиятын, өзгөчө айбанаттарын жакшы билген.