Difference between revisions of "АББАС I"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АББАС I''' (27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – | '''АББАС I, Аббас-Шах''', '''Аббас Бахадур Хан''' (азерб. ''Abbas Səfəvi;'' 27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Сефевиддер династиясынан чыккан перс шахы (1588–1629). Бийликке келгенден кийин борборлоштурулган бийликти бекемдеп, административдик, аскер, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Анын тушунда Сефедивдер империясынын ээлиги Тигр дарыясынан Кандагар шаарына чейин созулуп, 1598-ж. өлкөнүн борбору Казвинден Исфакан шаарына көчүрүлгөн. 1601-ж. Аббас I азыркы Армения, Грузиянын бир бөлүгүн жана Ширванды, 1613-ж. Кахетия, Картли падышачылыгын толук караткан. Көп жылдар бою түрктөр (Осмон империясы) менен согушуп, Закавказьеден тышкары Бахрейн, Ормуз аралдарын басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн маданиятына кызыгып, бир катар өлкөлөр менен соода жана саясий мамилелерди түзгөн. Перс жана түрк-азербайжан тилдеринде сүйлөп, ырларды жазган. | ||
Ад.: ''R. Savory''. The history of Shah Abbas the Great. – Vol. I.<br> |
12:03, 23 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
АББАС I, Аббас-Шах, Аббас Бахадур Хан (азерб. Abbas Səfəvi; 27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Сефевиддер династиясынан чыккан перс шахы (1588–1629). Бийликке келгенден кийин борборлоштурулган бийликти бекемдеп, административдик, аскер, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Анын тушунда Сефедивдер империясынын ээлиги Тигр дарыясынан Кандагар шаарына чейин созулуп, 1598-ж. өлкөнүн борбору Казвинден Исфакан шаарына көчүрүлгөн. 1601-ж. Аббас I азыркы Армения, Грузиянын бир бөлүгүн жана Ширванды, 1613-ж. Кахетия, Картли падышачылыгын толук караткан. Көп жылдар бою түрктөр (Осмон империясы) менен согушуп, Закавказьеден тышкары Бахрейн, Ормуз аралдарын басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн маданиятына кызыгып, бир катар өлкөлөр менен соода жана саясий мамилелерди түзгөн. Перс жана түрк-азербайжан тилдеринде сүйлөп, ырларды жазган.
Ад.: R. Savory. The history of Shah Abbas the Great. – Vol. I.