Difference between revisions of "АКМАТАЛИЕВ Амантур"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АКМАТАЛИЕВ''' Амантур Сейтаалы уулу [12. 12. 1934-жыл, Нарын облусу, Тянь&#8209;Шань району (азыркы На&#0173;рын району), Жерге-Тал өрөөнү, Бөрүлүү кыштоо&#0173;су – 30. 8. 2002-жыл, Нарын району, Лахол айылы] – көркөм өнөр таануучу, этнограф, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңрген ишмер (1992). Нарын педагогикалык окуу жайын (1951), Нарын мугалимдер институтун (1954), Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1966) бүтүргөн. 1954–1972&#8209;жылдары Лейлек, Нарын райондорунда мугалим, ди&#0173;ректор, «Советтик Кыргызстан» гезитинде ада&#0173;бий кызматкер, бөлүм башчы, Нарын районундагы көп нускалуу «Коммунисттик эмгек» гезитинин редактору, 1972–1995&#8209;жылдары Кыргыз өнөр жай министрлигинин Борбордук конструктордук&#8209;техникалык бюросунун көркөм эксперимент лабораториясында инженер (аны уюштуруучулардын бири), «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде, Кыргыз эл чеберлер союзунда көркөм өнөр таануучу, «Манас&#8209;1000» мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча башкы адис, Кыргыз илимий-изилдөө педагогика институтунун кызматкери болуп иштеген. Көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын улуттук теле көрсөтүүсүнүн «Эл чыгармачылыгы», гезит&#8209;журналдардын «Эл ичи – өнөр кенчи», радионун «Маданий турмуш» рубрикаларын алып барган. Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун, журналисттер союзунун, Кыргыз эл чеберлер союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын, телерадиокорпорациясынын, кесиптик&#8209;техникалык билим берүүнүн отличниги. Кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөө, иликтөө, топтоо, аны элге тааныштыруу боюнча чоң эмгек сиңирген. «Кыр&#0173;гыздын кол өнөрчүлөрү» (1975), «Элдик оймочулук» (1980), «Боз үй» (1982), «Жасалга өнөр чеберлери» (1983), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1983), «Кыргыздын улуттук кийимдери» (1988), «Кыргыздын колдонмо&#8209;жасалга өнөрү» (1989), «Усталар жана уздар» (1991), «Баба салты – эне адеби» (1993), «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү» (1996), «Кыргыздын уз&#8209;усталары» (антология, 1997) жана башка китептердин автору. Элдик чеберлердин узануу&#8209;уздануу ыкмаларын, кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөөдө албан иштерди аткарган. Медалдар <span cat='ж.кыск' oldv='м&#8209;н'>менен</span> сыйланган.
'''АКМАТАЛИЕВ''' Амантур Сейтаалы уулу [12. 12. 1934-жыл, Нарын облусу, Тянь&#8209;Шань району (азыркы На&#0173;рын району), Жерге-Тал өрөөнүндө туулган, Бөрүлүү кыштоо&#0173;су – 30. 8. 2002-жылы каза болгон, Нарын району, Лахол айылы] – көркөм өнөр таануучу, этнограф, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992). Нарын педагогикалык окуу жайын (1951), Нарын мугалимдер институтун (1954), Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1966) бүтүргөн. 1954–1972&#8209;жылдары Лейлек, Нарын райондорунда мугалим, ди&#0173;ректор, «Советтик Кыргызстан» гезитинде ада&#0173;бий кызматкер, бөлүм башчы, Нарын районундагы көп нускалуу «Коммунисттик эмгек» гезитинин редактору, 1972–1995&#8209;жылдары Кыргыз өнөр жай министрлигинин Борбордук конструктордук&#8209;техникалык бюросунун көркөм эксперимент лабораториясында инженер (аны уюштуруучулардын бири), «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде, Кыргыз эл чеберлер союзунда көркөм өнөр таануучу, «Манас&#8209;1000» мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча башкы адис, Кыргыз илимий-изилдөө педагогика институтунун кызматкери болуп иштеген. Көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын улуттук теле көрсөтүүсүнүн «Эл чыгармачылыгы», гезит&#8209;журналдардын «Эл ичи – өнөр кенчи», радионун «Маданий турмуш» рубрикаларын алып барган. Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун, журналисттер союзунун, Кыргыз эл чеберлер союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын, телерадиокорпорациясынын, кесиптик&#8209;техникалык билим берүүнүн отличниги. Кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөө, иликтөө, топтоо, аны элге тааныштыруу боюнча чоң эмгек сиңирген. «Кыр&#0173;гыздын кол өнөрчүлөрү» (1975), «Элдик оймочулук» (1980), «Боз үй» (1982), «Жасалга өнөр чеберлери» (1983), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1983), «Кыргыздын улуттук кийимдери» (1988), «Кыргыздын колдонмо&#8209;жасалга өнөрү» (1989), «Усталар жана уздар» (1991), «Баба салты – эне адеби» (1993), «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү» (1996), «Кыргыздын уз&#8209;усталары» (антология, 1997) жана башка китептердин автору. Элдик чеберлердин узануу&#8209;уздануу ыкмаларын, кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөөдө албан иштерди аткарган. Медалдар <span cat='ж.кыск' oldv='м&#8209;н'>менен</span> сыйланган.


''Ы. Кадыров.''<br>
''Ы. Кадыров.''<br>

14:10, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АКМАТАЛИЕВ Амантур Сейтаалы уулу [12. 12. 1934-жыл, Нарын облусу, Тянь‑Шань району (азыркы На­рын району), Жерге-Тал өрөөнүндө туулган, Бөрүлүү кыштоо­су – 30. 8. 2002-жылы каза болгон, Нарын району, Лахол айылы] – көркөм өнөр таануучу, этнограф, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992). Нарын педагогикалык окуу жайын (1951), Нарын мугалимдер институтун (1954), Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1966) бүтүргөн. 1954–1972‑жылдары Лейлек, Нарын райондорунда мугалим, ди­ректор, «Советтик Кыргызстан» гезитинде ада­бий кызматкер, бөлүм башчы, Нарын районундагы көп нускалуу «Коммунисттик эмгек» гезитинин редактору, 1972–1995‑жылдары Кыргыз өнөр жай министрлигинин Борбордук конструктордук‑техникалык бюросунун көркөм эксперимент лабораториясында инженер (аны уюштуруучулардын бири), «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде, Кыргыз эл чеберлер союзунда көркөм өнөр таануучу, «Манас‑1000» мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча башкы адис, Кыргыз илимий-изилдөө педагогика институтунун кызматкери болуп иштеген. Көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын улуттук теле көрсөтүүсүнүн «Эл чыгармачылыгы», гезит‑журналдардын «Эл ичи – өнөр кенчи», радионун «Маданий турмуш» рубрикаларын алып барган. Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун, журналисттер союзунун, Кыргыз эл чеберлер союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын, телерадиокорпорациясынын, кесиптик‑техникалык билим берүүнүн отличниги. Кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөө, иликтөө, топтоо, аны элге тааныштыруу боюнча чоң эмгек сиңирген. «Кыр­гыздын кол өнөрчүлөрү» (1975), «Элдик оймочулук» (1980), «Боз үй» (1982), «Жасалга өнөр чеберлери» (1983), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1983), «Кыргыздын улуттук кийимдери» (1988), «Кыргыздын колдонмо‑жасалга өнөрү» (1989), «Усталар жана уздар» (1991), «Баба салты – эне адеби» (1993), «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү» (1996), «Кыргыздын уз‑усталары» (антология, 1997) жана башка китептердин автору. Элдик чеберлердин узануу‑уздануу ыкмаларын, кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөөдө албан иштерди аткарган. Медалдар менен сыйланган.

Ы. Кадыров.