Difference between revisions of "АВТОМОБИЛЬ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (авто ... ж-а лат. mobilis ‒ кыймылдоочу, жүрүүчү) ‒ өз кыймылдаткычы аркылуу дөӊгөлөктөрү м-н жүрүүчү, айдоочу тарабынан башкарылуучу жүк ж-а адамдарды ташууга арналган мех. транспорт. Леонардо да Винчи өзү жүрүүчү арабаны түзүү оюн биринчилерден болуп сунуштаган. «Өзү жүрмө» экипажды (атсыз, өгүзсүз ж. б., сүйрөө күчү жок) жасоо аракети 18-к-да башталган. Аны орус
Г. Даймлер автомобили (1885‒86).
К. Бенц автомобили (1885‒86).
Е. А. Яковлев ж-а П. А. Фрезе автомобили (1896).
«Руссо-Балт» автомобили (1913).

дыйканы А. Шамшуренков жасаган (1752). Фр. офицер Н. Ж. Кюньо 1769-ж. буу кыймылдат кычтуу үч дөӊгөлөктүү экипажды ойлоп тапкан, бирок аны коомчулук кабыл албаган. Кийин Германияда, Англияда буу м-н иштеген коляска пайда болгон. Бирок буу кыймылдаткычтуу экипаждар оор, пайдаланууга ыӊгайсыз болгондуктан кеӊири колдонулууга ээ болгон эмес. Ичинен күймө кыймылдаткыч пайда болгондон кийин жагдай таптакыр өзгөргөн. 1885‒86-жылдарда нем. инженерлери Г. Даймлер ж-а К. Бенц бири бирине байланышпастан туруп бензин кыймылдаткычтуу коляскага патент алышкан. Ал дүйнөдө биринчи А. катары кабыл алынган. Россияда А. куруу тарыхынын башталышы болуп, 1896-ж. Е. А. Яковлев ж-а П. А. Фрезе жасаган А. эсептелет. Ал бир цилиндрлүү, төрт такттуу кыймылдаткычы м-н 20 км/с ылдамдыкка жеткен. 19‒20-к-дарда көпчүлүк өлкөлөрдө А-ди өнөр жайлык жасоо башталган. Россияда «Руссо-Балт» аттуу А. 1908-ж. Ригадагы вагон жасоочу з-ддон даярдалган. А-ди массалык жасоо амер. ишкер Г. Форддун ысымына байланышкан. 1913-ж. ал «Форд-Т» өнөр жайын уюштурган. «Форд- Т» модели 1914-ж. жылдыргычта (конвейерде) чогултулган. А-дин пайда болушу адамзат тарыхындагы эӊ маанилүү ойлоп табуу болгон ж-а ошондон улам коомдо жашоо кыйла өзгөргөн. 1950-жылдан А. чыгаруучулардын көӊүлү улуттук рынокко эмес, эл аралык рынокко бурулат. 1960-жылдан япон А. өндүрүшү көтөрүлө баштайт. 1970-жылдагы карбюратордук күйүүчү май кризисинен улам (өзгөчө

«Форд-Т» автомобили (1913).

АКШда) аны сарамжалдуу пайдалануу ж-а айлана-чөйрөнү булгабоо максатында көп өлкөдө «катализ чыпкасы» колдонула баштайт. Советтер Союзунда 1924-ж. ГАЗ маркасындагы алгачкы А. жасалып, 1932-ж. массалык түрдө чыгарылган. 1906-жылда курулган «Роллс-Ройс» А-и биринчи болуп электр стартеру м-н жабдылган. 1938-жылдан «Фольксваген-жук», 1984-жылдан «Феррари-тестаросса» А-дери жасала баштаган. А-дин формасы канчалык сүйрү болсо, ал тез жүрүп, күйүүчү майды аз сарптайт. Азыркы жеӊил А-дин пневматикалык шиналуу төрт дөӊгөлөгү, асма системасы, бекем чанагы (кузову) болот. Анын кыймыл багытын өзгөртүүгө арналган руль системасы негизинен алдыӊкы дөӊгөлөктөр м-н кошулган. Тартуучу дөӊгөлөктүн милдетин алдыӊкы же арткы, о. эле экөө теӊ бир учурда аткарышы мүмкүн. Дөӊгөлөктөрү илиништирүү кошкучу нан (муфтасынан) , берүү кутусу нан, дифференциалдык аппарат м-н механизмден, алып жүрүүчү жарым октордон турган трансмиссия нын жардамы м-н кыймылга келет. А-дин чанагы жүргүнчү лөрдү коопсуз жайгаштырууга арналган бекем борб. бөлүктөн, ага бекитилген асмалардан, кыймылдаткычтан, бамперден турат. А-дин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чанагынын капта

Автомобилдин негизги конструкциялык блоктору: а ‒ жалпы көрүнүшү; б ‒ чанагы; в ‒ шассиси; г ‒ кыймылдаткычы.

лына, таманына бекитилген тартып бекитүүчү курлары ж-а кулпусу; эшигинин түзүлүшү, капталдан урган соккуга туруктуу, о. эле амортизациялык жаздыкчасы бар рулдук башкаруусу, арттан болуучу соккудан сактоочу жаздыгы болот. Терезесине майда бөлүктөргө талкаланып чачылып кетпей турган көп катмарлуу материалдан жасалган атайын айнек коюлат. Автомобиль кыймылдаткычы (адатта карбюратордук күйүүчү май м-н иштөөчү кыймылдаткыч) алдынкы бөлүгүнө, капоттун астына

Тойота автомобили (Япония).
Ниссан 300ЯX автомобили (Япония).
ВMW автомобили (Германия).

орнотулат ж-а айлануу кыймылын берүү кутусу аркылуу алдынкы же арткы, о. эле төрт дөӊгөлөккө теӊ берет. Башкаруу системасын ‒ рулду, дөӊгөлөгүн , акселераторду, токтоткуч ту (тормоз ) ж-а илиништирүү кошкучунун (муфтасынын) педалын, о. эле приборлорду долбоорлоо максималдуу ыӊгайлуу ж-а коопсуз болушуна көӊүл бурулат. Кыймылды которуштуруп берүү рычагы м-н токтоткуч (тормоз) алдынкы эки отургучтун ортосуна, кошуп-ажы раткычтар прибор калканычына (шит) жайгаштырылат. Капоттун астында кыймылдаткычтан тышкары радиатор , чанак (кузов) жылыткыч, айнек тазалагыч, токтоткуч суюктугу куюлган идиш ж-а аккумулятор болот. Арткы дөӊгөлөктөрү тартуучу А-де күйүүчү май куюучу бак арт жагы м-н кагылышканда коопсуз болуш үчүн бамперден алыс коюлат, ал эми алдынкы дөӊгөлөгү тартуучу болсо, анда бак чанактын ортосунда, таманынын астына жайгаштыры лат. Чанактын артында, жүк салгыч, камдалган (запас) дөӊгөлөк жүк салгычтын таманынын астында сакталат. А-дин электр система сы татаал: от алдыруу системасы, стартер, жарык тармагы, үн сигналы, айнек тазалагычтар, чанак жылыткыч ж-а электрондук приборлор дун дисплейинен турат. А. колдонулушуна жараша транспорттук, атайын, спорттук болуп бөлүнөт. Т р а н с п о р т т у к А. жүк ж-а жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн, а т а й ы н түрү тиешелүү жабдуулар м-н жабдылып, өрт өчүрүүчү ж-а тиричиликтик (коммуналдык) тейлөөлөрдө колдонулат. С п о р т т у к А. мелдештерге, ылдамдык рекордун коюуга арналат. Транспорттук А-дин жеӊил, жүк ташуучу, автобус, микроавтобус деген түрлөрү бар. Кырг-ндагы биринчи А. совет доорунда (1930‒40) Россиядан келе баштаган. Азыркы учурда Кырг-ндын жолдорунда Россия, Германия, Япония, Франция ж. б. өлкөлөрдүн А-дери жүрөт. Кырг-н тоолуу өлкө болгондуктан А. аркылуу жүргүнчүлөрдүн 99,6%и, ал эми жүктүн 97,8%и ташылат. Ад.: Литвинов А. С., Фаробин А. С. Автомобиль: теория эксплуатационных свойств. М., 1989; Туренко А. Н., Богомолов В. А., Клименко В. И. История инженерной деятельности. Развитие автомобилестроения. Хар., 1999. К. Алымкулов, Э. Нусупов.