Difference between revisions of "АЛМАШУУ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:32, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
(альтернация) ‒ белгилүү бир синтагматикалык же парадигматикалык шарттарда тилдик бирдиктердин курамында бири-бирин алмаштырууга жөӊдөмдүү болгон тилдик бир тектүү бирдиктердин парадигматикалык карым-катышы. Алмашылуучу бирдиктер же альтернаттар структуралык жактан конгруэнттүү болушу, б. а. жогорураак деӊгээлдеги структурасында бир эле орунду ээлөөсү зарыл. Ал баарынан мурда, тыбыштарга ж-а фонемаларга мүнөздүү. А. ар кандай типте ж-а түрдө болушу ыктымал. Альтернанттардын айырмалоочу белгилерине жараша сандык (созулма же кыскалыгы б-ча) ж-а сапаттык (пайда болуу орду, жолу ж. б. белгилери б-ча) болуп бөлүнөт. А. шарттарына карай фонетикалык ж-а фонетикалык эмес болуп бөлүнөт.
С. Мусаев.