Difference between revisions of "АЛМАТЫ ОБЛУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:32, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Казакстан Республикасы нын түш.-чыгышында. 1932-ж. 10-мартта түзүлгөн. Аянты 223,9 миӊ км2. Калкы 2,0 млн (2013), шаар калкы 30,3%, облустун курамында 16 адм. район, 3 шаар, 6 шаарча бар. Борбору ‒ Талды-Коргон ш.

Түштүгүн Теӊир-Тоо (бийикт. 973 мге чейин), түндүгүн Балкаш бою чөлү ээлейт. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы ‒10°С, июлдуку 24°С. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден (чөлдөрдө) 1000 ммге (тоолордо) чейин. Тоо этегинин климаты жумшак; январдын орт. темп-расы ‒3…‒6°С, жылдык жаан-чачыны 700‒1000 ммге чейин. Башкы дарыясы ‒ Иле. Түн.-батышында Балкаш көлү жайгашкан. Минералдык булактар кездешет. Шыбак-баялыштуу, шор топурактуу жарым чөл ж-а чөл бийикте ген сайын коӊур топурактуу кургак талаага өтөт. Тоолордо токой, субальп ж-а альп шалбаасы өсөт. Негизги өнөр жай тармактары: оор машина куруу ж-а металл иштетүү, жеӊил (текстиль , трикотаж булгаары-бут кийим ж. б.), тамак-аш (ун тартуу, май чыгаруу, консерва), эт комби наты. Иле д-на Капчыгай ГЭСи курулган. Маанилүү өнөр жай борбору Алматы, Талгар. Сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Эгин (негизинен буудай), кант кызылчасы, тамеки, жүгөрү айдалат. Жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Кой, жылкы, төө чарбалары бар. Уй чарбасы эт багытын да. Балкаш көлү м-н Иле д-нда балык кармалат. Балкашта ж-а Иледе кеме жүрөт. Бухара ‒ Ташкен ‒ Бишкек ‒ Алматы газ кууру курулган.