Difference between revisions of "АЛЛИТЕРАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(лат. аlliteratio; аd ‒ карай, жанында, littera ‒ тамга) ‒ сөздүн тыбыштык курулушун уюштуруудагы тыбыштык кайталоолордун бир ыкмасы, б. а., бирдей үнсүз тыбыштардын симметриялык түрдө кайталануу су. А. аркылуу байланышкан сөздөр кеп агымында интонациялык жактан өзгөчөлөнүп турат. Стилистикалык ыкма катары А. байыркы мезгилдерден бери эле оозеки чыг-та, көркөм сөздө, өзгөчө, анын ритмикалык жактан ырааттуу уюшулган түрлөрүндө (ырда) кеӊири колдонулуп келген. Көптөгөн макал-ылакаптар, жаӊылмачтар А. аркылуу уюшулган (мис., «Таз таранганча, той таркайт»; «Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк»). А-нын жөнөкөй түрү тыбыш тууроо, бирок ал таза түрүндө өтө сейрек кездешет да, кийинки тыбыштык ассоциацияларга негиз болот. А. тыбыштык кайталоолордун дагы бир түрү ‒ ассонанска (бирдей үндүүлөрдүн симметриялык кайталануусу) жакын туруп, кээде катарлаш же чогуу колдонулат.