Difference between revisions of "АЛИМБАЕВ Берик Каримович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Берик Каримович (30. 12. 1936, Фрунзе ш.) ‒ бийчи, педагог, балетмейстер, КРдин эл арт. (1992). 1947‒56-ж. Ленинградда гы А. Я. Ваганова атн. окуу жайында окуган.

1956-жылдан Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында бийчи, 1972-жылдан балетмейстер-репетитор. 25 жыл ичинде дүйнөлүк, сов. композиторлордун балеттеринен башкы партияларды аткарган. Айрыкча «Бахчисарай фонтанынан» Вацлавдын, «Уйкудагы сулуудан» Дезиренин, «Дон

АЛИМБАЕВ72.png

Кихоттон» Базилиянын, «Баядеркадан» жоокер Солордун, «Куйручуктан» Куйручуктун, «Аселден» Ильястын, «Саманчы жолунан» Касымдын ж. б. ролдорун чебер аткарган. Кыргыз балет өнөрүнүн жүзүн «Москва жылдыздары», «Орус кышы», «Ак түндөр» аттуу фестивалдарда, КМШ өлкөлөрүнүн чоӊ шаарларында, Канаданын, Сириянын, Чехословакиянын, Монголиянын сахналарында көрсөткөн. Санкт-Петербургдагы Мария театрынын бийчилери м-н «Жизель» балетиндеги Альберттин партиясын аткарган. 1958-жылдан Кыргыз мамл. М. Күрөӊкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайында педагог ж-а көркөм жетекчи. Медалдар м-н сыйланган.