Difference between revisions of "АЛИЕВ Гейдар"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Гейдар Али Рза Оглы (10. 5. 1923, Нахичеван ш. ‒ 12. 12. 2003, Кливленд, АКШ) ‒ саясий ж-а мамл. ишмер, Азербайжан Респуб

ликасынын Президенти (1993‒2003), Соц. Эмг. Баатыры (1979, 1983). Азербайжан мамл. ун-тинин тарых ф-тин бүтүргөн. 1941‒49-ж. мамл. коопсуздук органдарында ж-а Нахичеван АССР Министрлер Советинде жооптуу кызматтарда, 1950‒64-ж. Азербайжан ССРинин Ички иштер министрлигин де ж-а Министрлер Советине караштуу мамл. коопсуздук к-тинде жетекчи кызматта, 1964‒67-ж. Азербайжан ССР Министрлер Советине караштуу Мамл. коопсуздук к-тинин төрагасынын орун басары, 1967-жылдан төрагасы. 1969‒82-ж. Азербайжан КП БКнын биринчи секретары, 1982‒87-ж. СССР Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, 1991‒93-ж. Нахичеван Автономиялуу Республикасынын Жогорку межлисинин төрагасы, 1993-жылдан эгемендүү Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинин төрагасы, Президенти болуп иштеген. А. президенттик кызматты аркалаган учурда ички саясий стабилдүүлүккө жетишип, чет элдик инвестициялардын келишин камсыздаган ж-а өлкөдө экон. өнүгүү үчүн жагымдуу кырдаал түзүлгөн. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.