Difference between revisions of "АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
Александр Васильевич (1883‒1946) ‒ композитор, хор дирижёру, педагог, СССР эл арт. (1937), генерал-майор (1943), иск-
во таануу илимд. доктору (1940). Петербург, Москва консерваторияларында окуган. Сов. Армиянын Кызыл Туулуу ыр-бий ансамблинин уюштуруучусу (1928) ж-а жетекчиси болгон. Анын В.И. Лебедев-Кумачтын «Ыйык согуш» аттуу ырына жазган музыкасы (1941) Улуу Ата Мекендик согуш
тун муз. эмблемасы болгон. Сов. Союзунун Гимнине музыка жазган (1943). Көрүнүктүү массалык ырларды жазгандыгы (1942) ж-а концерттик аткаруучулук ишмердиги үчүн (1946) ага эки жолу СССР мамл. сыйл. берилген. Ленин ордени, медалдар м-н сыйланган.