Difference between revisions of "АЛДАШЕВ Алмаз Абдулхаевич"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
Алмаз Абдулхаевич (1. 10. 1953-ж. т., Фрунзе) ‒ биохимик, биология илимд. доктору (1999), проф., КР УИАнын корр. мүчөсү (2000), академиги (2006). Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйл. (1985) ж-а КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. (1996) лауреаты, КРдин саламаттык сактоого эмг. сиӊ. ишмери, КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери. Москвадагы Н. П. Пирогов атн. 2-медин-тун (1977), СССР ИАнын биохимия ин-тунун аспирантурасын (1980) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын физиоло гия ж-а патология ин-тунда кенже ил. кызматкер, Кардиология ил.-из. ин-тунда улук ил. кыз
маткер, Кардиология ж-а терапия улуттук борборун да лаборатория башчысы, мол. биология ж-а медицина ил.-из. ин-тунун директору, фундаменталдык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2004-жылдан КР УИАнын академик катчысы. 100дөн ашуун ил. эмгектин автору.
Ил. эмг. биохимия ж-а мол. биологияга арналган. Кырг-нда «молекулалык ж-а клеткалык биология», мол. генетика сыяктуу жаӊы ил. багыттардын өнүгүүсүнө негиз салган. Ал гипоксин ‒ белокторун алып, алардын касиетин изилдеген. Өпкөнүн гипоксиялык гипертензиясынын патогенезине катышкан, мурда белгисиз митогендик белок факторун ачкан.
Эмг.: Signal Еransduction in Lung Cells. Уds. О.Иrody, D.Center, V.А.Еkachuk. Marcel Dekkers, New Юork, 1993; Еhorax. (автором), 2005. Aug; 60(8):683-7.