Difference between revisions of "АЛДАМЧЫЛЫК"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ менчикке каршы кылмыштардын тобу. А. ‒ алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу м-н башканын мүлкүнө же мүлк укугуна ээ болуу. А. кылмыш курамынын объектиси болуп жабырлануучунун менчикке деген укугу эсептелинет. Ал эми предметине ар түрдүү менчик мүлктөр ж-а мүлк укугу кирет. А. кылмыш курамынын объективдүү жагы төмөнкү белгилерден турат: 1) башка бирөөнүн мүлкүн, же мүлк укугун укукка жат түрдө акысыз алып коюу; 2) менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтирүү; 3) башка бирөөнүн мүлкүн же мүлк укугун алып коюу м-н келтирилген зыяндын ортосундагы себептик байланышы. Субъективдүү жагынан А. атайылап жасалган кылмыштарга тийиштүү. Мындан сырткары А-тын субъективдүү жагына кылмыштын белгиси катары кылмыштын максаты (жеке пайда көрүү) кирет. Субъектиси болуп акыл-эси соо, 16 жашка толгон адам эсептелинет.
К. Бодобаев, К. Курманов.