Difference between revisions of "АЛГАЗЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(Абылгазы) Шералы уулу ‒ 1824‒25-ж. орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин бири. Бугу уруусунун белек уругунун таанымал бийи. Элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль м-н сыйланып, аны ага 1827-ж. апрелде Ысык-Көлгө келген А. Л. Бубенов тапшырган. к. Акымбек Олжобай уулу.